Мугалимдер

Ош мамлекеттик университети ар бир студент жана ар бир мугалим үчүн кам көргөн камкор университет. Тагыраак айтканда академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттер кана барып калбай, мугалимдер үчүн дагы кеңири мүмкүнчүлүктөр жаралган. Эми биздин окутуучуларыбыз ички жана тышкы мобилдүүлүк боюнча кызматташкан университеттерге барып квалификациясын жогорулатып, конок лектор болуп келсе болот.



В течение последних 5 лет ППС ОП участвует в программах по академической мобильности и вне программ по личной инициативе (гостевые лекции).

2016-жылдын июнь айында ИТАС кафедрасынын улук окутуучусу Сейитказыева Гүлнара эжекебиз Кытай мамлекетинин Цинзянь педагогикалык университетине 2 жумалык окууга барып тажрыйба алуу менен бирге сертификатка ээ болуп кайтты.


2018-жылдын 30-апрелинен 5-майга чейин ИТАС кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Чамашев Марат Кахарович агайыбыз Германиядагы Цвиккау Батыш-Саксониялык колдонмо илимдер университетинде квалификациясын жогорулатып келди. Ошондой эле 6-майдан 13-майга чейин Лейпциг университетинин Информатизация жана уюштуруу факультетинде, Хорватиянын Ворождин, Лейпциг шаарларында болуп келди.


28-ноябрь 2018-жылыИТАС кафедрасынын доценти Беделова Нургуль, улук окутуучусу Сейитказыева Гүлнара, окутуучу Токтосун Кызы Мээримгүл Бишкек шаарына Erasmus+ программасынын алкагында уюшулган " Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоодогу информациялык системалар" аттуу семинарга катышып, пайдалуу маалыматтарга ээ болуп келишти.






2018-жылдын декабрь айында Сейитказыева Гүлнара эжекебиз Өзбек Республикасынын Андижан мамлекеттик университетине делегация болуп барып келди.


ОшМУнун Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин ИТАС кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Рахат Атырова «ITEC» программасынын алкагында Индиянын Мумбаи шаарында 2 айлык мөөнөттөгү тажрыйба алмашуу иш сапарында жүрөт. «Centre for Excellence in Telecom Technology And Management», «Web Designing, Database and Networking» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсу 28-январдан 23-мартка чейин улантылат. Бул программанын максаты — башка мамлекеттер менен бирге кызматташуу жана тажрыйба алмашуу.


2019-жылдын февраль-март айларында Сейитказыева Гүлнара эжекебиз Турция мамлекетинин Кастамону университетине делегация болуп барып келди.


2019-жылдын 25-29-мартында Германиядагы Цвиккау Батыш-Саксониялык колдонмо илимдер университетинде "Erasmus+" программасы боюнча "KYRMedu" долбоорунун алкагында инструкторлорду даярдоонун жыйынтыктоочу семинарына Ош МУнун "ИТАС" кафедрасынын окутуучулары Гүлнара Сейитказыева жана Айзада Ажибекова катышып келишти.

Инструкторлорду даярдоо боюнча семинарда "KYRMedu" университеттик консорциумунун окутуучуларынын практикалык сабактарын дидактикалык каражаттар менен камсыздоо, лабораториялык усулдук колдонмолорду даярдоо боюнча Цвиккау университетинин бир катар профессорлору тренинг өтүшүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында квалификациясын жогорулатып уюштуруучулардын сертификаттарына ээ болуп келишти.


2019-жылдын 22-23-апрель күндөрү МИТ факультетинин доценттери Т.М. Папиева, Ж.А. Артыкова жана Н.С. Беделовалар Россия Федерациясынын Москва шаарында илимий иш сапарда болушту. Алар Москва педагогикалык мамлекеттик университетинде болуп өткөн В.Т. Базылевдин 100-жылдыгына арналган “Классическая и современная геометрия” аттуу конференциясына катышып, доклад жасап, ошондой эле математика жана информатика институтунун геометрия кафедрасынын жамааты менен жолугушуп, тажрыйба алмашып келишкен.


2019-жылдын 24-26-апрель күндөрү МИТ факультетинин доценттери Т.М. Папиева, Ж.А. Артыкова жана Н.С. Беделовалар Россия Федерациясынын Тольятти шаарында илимий иш сапарда болушту. Алар Тольятти мамалекеттик университетинде болгон “Математика. Образование. Культура” аттуу эл аралык, илимий конференцияга катышып келишти.

Конференциянын жүрүшүндө “Математика 5-11” окуу китептеринин автору, д.п.н.,профессор Мордкович Александр Григорьевичтин жаңы билим берүү стандарттардын негизинде иштелип чыккан окуу китептерин окутуу процессинде колдонуу маселелери боюнча мастер классына катышып, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Геометрия боюнча ФГОС ООО (предметтик стандартты) иштеп чыккан окумуштуулардын бири, д.ф.-м., профессор Смирнов Владимир Алексеевичтин семинарына катышып Россия Федералдык мамлекеттик негизги билим берүү стандарттартынын мазмунундагы жана аны колдонуудагы актуалдуу көйгөйлөр боюнча Россия Федерациясы, Казахстан, Таджикстан, Болгария өлкөлөрүнөн келген кесиптештердин ой-пикирлерин угуу мүмкүнчүлүгү болду.

25-апрель күнү “Математикалык билим берүү” бакалавр жана магистрдик багыттарынын негизги билим берүү программалары боюнча тегерек столдо эксперт катары катышып, өздөрүнүн пикрилерин билдиришкен.





2019-жылдын 29-августунда Президентибиздин ынтымак саясатынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан уюшулган достук кербени менен биргеликте Оштон Таласка маданиятыбызды өркүндөтүү менен саякатка чыгып келген.

.


2019-жылдын 24-сентябрь күндөрү «Санарип Кыргызстан» аталышындагы маалыматтык технологиялар форуму Кыргыз-Түрк Манас университетинде өттү. Форумга Орусия, Казакстан, Украина, Финляндия жана АКШдан келген IT тармагынын өкүлдөрү жана адистер катышты.Мында алар тажрыйба алмашып, жаңы технологиянын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Технология адистери онго жакын багытта чеберчилик сабактарды өтүштү. Анда жеке маалыматтарды коргоо, электрондук соода жана санарип маркетинг боюнча таанышуу болду. Бул форумга ИТАС кафедрасынын башчысы ф.-м.и.к., доцент Чамашев Марат Какарович агайыбыз катышып келди.

«КИТ-2019» форуму жыл сайын 2 жолу өткөрүлөт. Быйыл жетинчи ирет өтүп, IT адистер үчүн атайын сынак жарыяланып, мыкты компаниялар аныкталат.