Ата-энелер менен жолугушуу
202-жылдын 25-мартында Программалык инженерия адистигинде окууган студенттердин ата-энелери менен онлайн жолгушуу болуп өттү. Жолугушууда адистиктин окуу процессинин жүрүшү, окуу пландары, НББП, тайпалардын окуудагы, коомдук-маданий, спорттук, илимий жактан жетишкендиктери, окуу жайда түзүлгөн шарттар, контракт тууралуу маалыматтар берилди. Жыйынтыгында суроо-жооп болуп, ата-энелер студенттердин сабактан тышкаркы иштери, практика, котракт төгүү маселелери боюнча бир катар суроолорду берип, жооп алышты. https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20220520193236-itas.jpeg


ССИБИ адистигинин студентеринин ата-энелери менен жолугушуу

АССТ кафедрасынын жалпы жамааты Саламаттыкты сактоодогу информатика программасында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен онлайн жолугушту. Жолугушуу ар жылы салттуу түрдө уюштурулса бул жылы пандемияга байланыштуу онлайн уюштурулду. Жолугушуунун максаты ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, билим берүүнүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашуу. Жолугушууда программанын материалдык техникалык базасы, практикаларды уюштуруу, аккредитация боюнча түшүнүк берүү жана башка ар түрдүү маселелер каралды.



ССИБИ адистигинин 1-курстарынын ата-энелери менен жолугушуу

АССТ кафедрасынын жалпы жамааты Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия программасында билим алып жаткан биринчи курстун студентеринин ата-энелери менен онлайн жолугушуу уюштурду. Иш чарада АССТ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к. доцент Уларбек Молдояров Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия программасы жана бул программаны аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн эмгек ишмердүүлүгү боюнча кеңири баяндама жасады. Андан сырткары жолугушууда ата-энелер кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.



2018-жылдын 12-декабрь күнү МИТ факультетинде Ата-энелердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда факультеттеги жаңылыктар, студенттердин жетишкендиктери ж.б. жаңы маалыматтар каралды. Жолугушууда кафедралардын башчылары сөз сүйлөп, шаңдуу ыр бийлер менен коштолдуу.