Жоболор

Описание: C:\Users\User\Desktop\1.png

4.3.Спорттук оюндар төмөндө көрсөтүлгөн график боюнча өткөрүлөт. Мелдештин жыйынтыгы, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 19-январь күнү саат 11:00 ОшМУнун спорттук комплексинде өткөрүлөт.

Мелдештин графиги:

Спорттун түрү

Убактысы

Өтүлүү жайы

Калыстар

1.

Волейбол (эркектер)

12.01.2021-ж.

13.01.2021-ж.

Педфактын спорт комплекси

Башталышы саат – 10:00

Башкы калыс – Т. Даминов

Мүчөлөрү – А. Капаров,

Р. Камилов, Э.Таирбек уулу, К.Уланбек уулу.

0777 655075

2.

Волейбол (аялдар)

14.01.2021-ж.

15.01.2021-ж.

Педфактын спорт комплекси

Башталышы саат – 10:00

Башкы калыс - Н. Ысмаилова

Мүчөлөрү – А. Алимбекова,

А. Ырысмамат уулу,

М. Адишов.

0772 419956

3.

Баскетбол (эркектер)

14.01.2021-ж.

Биофактын спорт залы

Башталышы саат –10:00

Башкы калыс - Р. Мазитов

Мүчөлөрү – А. Мөнөкбаев

0555 522209

4.

Баскетбол (аялдар)

13.01.2021-ж.

Биофактын спорт залы

Башталышы саат –10:00

Башкы калыс – Б. Кулуев

Мүчөлөрү – Г. Турдумаматова,

Дүйшөналы кызы К.

0557 777711

5.

Шахмат

12.01.2021-ж.

аялдар 13.01.2021-ж.

экектер

Педфак 221- аудитория

Башталышы саат – 10:00

Башкы калыс К. Шералиев

Мүчөлөрү – Т. Сатиев,

Ы. Алдашүкүров

0550 323832

6.

Стол тенниси

12.01.2021-ж.

аялдар 14.01.2021-ж.

экектер

Биофактын спорт залы

Башталышы саат – 10:00

Башкы калыс - Ш. Тойчуев

Мүчөлөрү- Н. Зарылбек уулу,

Ш. Окен уулу

0772 78 88 41

7.

Тогуз коргоол

14.01.2021-ж.

аялдар

15.01.2021-ж.

экектер

Педфактын

219-аудитория.

Башталышы саат –10:00

Башкы калыс - Г. Мурзакаримова

Мүчөлөрү - А. Нурбек кызы,

А. Дуйшонкул уулу.

0778 02 26 44

Мелдештин башкы калысы: Сабиров Сулайман.

тел.номери: 0778030387

1. Спорттун түрлөрү боюнча мелдешти өткөрүү тартиби

Волейбол

Командалардын келишине жараша оюндун тартиби такталат. Эгерде 6 жана андан көп команда келсе башкы калыстын чечими менен тайпаларга бөлүнөт. Эгерде мелдешке келген жалпы командалардын саны 5 тен төмөн болсо бардык командалар айлампа түрүндө беттешет. Ар бир оюн 3 партия биринчи эки партия 25 эсеп менен 3-партия 15 эсеби менен жыйынтыкталат;

Тайпалык оюндарда упайлар төмөнкүдөй тартипте берилет жана анын жыйынтыктары

жалпы командалык орундарды аныктайт:

1. 3:0 уткан команда – 3 упай, ушундай эле эсеп менен утулган команда 0 упай алат.

2. 2:1 эсебинде уткан командага –2 упай, ушундай эле эсеп менен утулган командага – 1 упай берилет.

3. Командалардагы упайлар тең чыккан учурда, бардык беттештердеги партиялардын уткан жана утулган айырмасы каралат;

Эгер командалардын санына жараша 3 подгруппа болсо, анда финалга подгруппадан бирден гана жеңүүчү командалар катышат;

Финалдык оюндар 3 партиялык оюндар менен жыйынтыкталат;

Мелдеш КРнын волейбол федерациясы колдонуп жүргөн эрежелери менен өткөрүлөт.

Баскетбол

Командалардын курамы 10 оюнчудан болуп, оюн талаасына 5 оюнчу чыгат.

Оюндун мөөнөтү 2 таймдан 7 минута таза оюн убакыт берилет. Оюндар тең чыгуу менен аяктаса кошумча 3 минута берилет. Оюндун жүрүшүндө алмашуулар чектелбейт, жеңүүчү командага 2(эки) упай, утулууга 1(бир) упай берилип тайпадагы орундар топтогон упайлары менен аныкталат. Эгерде 3 же андан коп командаларда топтогон упайлар бирдей болуп чыкса, анда:

1. Ошол командалардын ортосундагы беттештеги топтордун айрымасы;

2. Бардык беттештердеги топтордун айырмасы.

Жарым финалдык оюндарда тайпадагы ээлеген орнуда жараша командалар

кайчылаш(крест) беттеш өткөрүшөт.

Шахмат

Командалык орундар тандап алуу жана финалдык баскычтарда баардык катышуучулардын оюндардагы топтогон упайлары менен аныкталат.

Эгерде командаларда топтогон упайлар бирдей болуп чыкса, анда:

1. эки команданын беттеши каралат;

2. 1-чи жана 2-чи доскадагы оюндун жүрүшүндөгү жыйынтыктар каралат.

Ар бир оюнчу партияга 1 саат убакыт гана ээ болот.

Командалардын өтүнүчүндө берилген 1чи жана 2 чи доскалар боюнча оюнчулардын жайгашуусу (ростановка) мелдеш бүткөнгө чейин алмашууга болбойт.

Тогуз коргоол

Мелдеш Тогуз коргол кодексине ылайык курама жааттын өкүлдөрүнүн топтогон упайларына ылайык өткөрүлөт.

Катышуучулар Тогуз коргол кодексине ылайык бирдей формада болуусу зарыл.

Стол тенниси

Ар бир командадан 2 эркек, 2 кыз оюнчу катышат, ар бир команданын беттешүүсү 5 партия менен жыйынтыкталат.

Эгерде 2 команданын оюнунун жыйынтыгы бирдей болуп калса 2ден шерик (парный) болуп оюнду жыйынтыктайт.

1. Уткан командага 2 упай утулган командага 1 упай оюнга келбей же катышпай койгон командага 0 деген упай берилет.

2. 1- ракетка жана 2- ракетка оюндун акырына чейин мелдешти алмашпай ойноп бүтүрүшөт.

Эгерде эки команданын топтогон упайлар бирдей болуп чыкса, анда:

1. Эки команданын беттеши каралат;

Эгерде үч же андан ашуун командалардын топтогон упайлары бирдей болуп чыкса, анда кайсыл бир командага артыкчылык мелдештин эрежелери боюнча аныкталып берилет.

Командалардын өтүнүчүндө берилген ракеткалардын жайгашуусу (ростановка) мелдеш бүткөнгө чейин алмашууга болбойт.

7. Нааразычылык (протест) жазуу

Нааразычылык жазган команда калыстар тобуна оюн бүткөндөн кийин 1 сааттын ичинде жазуусу зарыл. Нааразычылык жазган команданын кайрылуусу 500 сом өлчөмдө төлөм төлөгөндөн кийин калыстар тобу тарабынан каралат. Эгерде нааразычылык канааттандырылса төлөм суммасы командага кайтарылат, канааттандырылбаса төлөм мелдештин фондуна которулат.

8. Жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо

8.1. Спартакиадада жалпы командалык жыйынтыкта спорттун 5 түрү боюнча эң аз упай топтогон команда жеңүүчү болуп табылат.

8.2. Спорттун түрлөрү боюнча 1 – орунду ээлеген команда 1 упайга, 2-орунду ээлеген команда 2-упайга, 3-орунду ээлеген команда 3 упай ээ болуп жана андан кийинки орундарды ээлеген командаларга да ушундай тартипте упайлар ыйгарылат.

8.3. Кайсыл бир спорттун түрүнө командасы катышпаган факультет 18 айып упайын алат.

8.4. Сыйлоо: Жеңүүчү спортчулар жана командалар ОшМУнун тиешелүү 1-2-3-даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат жана ОшМУнун спартакиадасынын жеңүүчүсү кубогуна ээ болот.

8.5. Жалпы командалык эсепте

1-орунду ээлеген командага 15000 сом, 2-орунду ээлеген командага 10000 сом, 3-орунду ээлеген командага 5000 сом, ал эми спорттун жеке түрлөрүнөн 1-2-3-орунду ээлеген командаларга ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан

1. Волейбол (балдар, кыздар) – 6000 сом

2. Баскетбол (балдар, кыздар) - 6000 сом

3. Шахмат (балдар, кыздар) – 4000 сом

4. Стол тенниси (балдар, кыздар) –4 000 сом

5. Тогуз коргол (балдар, кыздар) – 4000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

9.Өтүнүч (заявка)тапшыруу мөөнөтү, жазуу үлгүсү

Ош мамлекеттик университетинин факултеттер аралык профессордук -окутуучулук курамдын ортосунда өткөрүлүүчү спартакиадасына катышуу үчүн ______________ факультетинин курама командасынын

Өтүнүчү

Ф.И.О

Туулган жылы

Иштеген кафедрасы

Быйылкы окуу жүктөмү

Врачтын колу

1

Окуу жайдын жетекчиси _____________________________________

Команданын капитаны _____________________________________

Врачтын колу _____________________________________

10. Өтүнүч тапшыруу мөөнөтү Командалардын өтүнүчү Педфактын имаратындагы “Ынтымак” спорт клубунун 107 кабинетинде 2021-жылдын 11– январь күнү саат 10:00 дөн 16:00гө чейин убакытта кабыл алынат жана саат 16:00дө чучу кулак тартылат.

Эскертүү: Ар бир факультеттин мелдешке катышуучу командалары бирдей түстүү спорттук формада катышуусу милдеттүү. Ар бир команда стол тенниси боюнча өздөрү ракеткасы менен келүүсү керек.

Мелдештин башкы калысы:

“Ынтымак” спорт клубунун төрагасы: _____________ Сабиров С