News Архив

152 14:29 09-04-2022

Футбол

Activities



Орус тили циклынан Зиябидин кызы Айданек жетектеген "Масленица "майрамына карата иш-чара болуп отту.





















ЭАББПК студенттери №36806 аскер бөлүгүндө



«Кытай жаз майрамы»

Эл аралык билим берүү программалары колледжинин коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн кытай тили циклынын студенттери «Кытай жаз майрамын» белгилеп, концерттик программа көрсөтүштү. Иш-чарабызга кытай тили циклы менен жумуш берүүчү болуп иштешип жаткан Кытай компаниялары жана ошондой эле Конфуций Институтунун директору жана окутуучулары келип конок болушту. Ачылыш сөздү ЭАББП колледжинин директору Зулпукарова Аида Капаровна баштап берди. Конфуций Институтунун директору Ванг Джы, ЭАББП колледжинин Чыгыш тилдер циклы жетекчиси Тухтаматов Азамат агайлар өз каалоо тилектерин айтып кетишти. Иш-чарада кытайлардын жаны жылдык видео-тасмасы коюлду, ар бир тайпанын студенттери жаны жылдык куттуктоо айтып өтүштү жана ошондой эле ажыдаар бийин көрсөтүштү. Студенттер үчүн атайын кытай логикалык конкурстары болуп, белектерди алышты. Андан кийин кыздар кытай бийин бийлешти, 5 тайпанын студенттери кытайча хор ырдышты. Жаңылмач айтуу боюнча сынак болуп, агайларда катышып, белектерди алышты. ПДККс-9-1-20 тайпасынын эки студенти Кунг-ФУ аткарып беришти. 5 тайпанын студенттери акырында кытай улуттук кийимдеринен мода көрсөтүштү.