Профбюронун курамы
Профбюронун мүчөлөрү менен профсоюздук ишмердүүлүктү жүргүзөт. Профбюро бүгүнкү күндө төмөндөгү багыттар боюнча иш алып барат: - факультеттеги профессордук окутуучулук жамааттын, жардамчы кызматкерлердин жана студенттердин укуктук мыйзамдуулугун коргойт; - факультеттеги профессордук окутуучулук жамааттын жана жардамчы кызматкерлер үчүн ар түрдүү жардамдар, жеңилдиктер, жаңылыктар жөнүндө маалыматтарды өз убагында жеткирип турат; - жарым жетим, тоголок жетим жана аз камсыз болуп профбюрого кайрылган студенттерге материалдык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт; - кызматкерлердин жана студенттердин эс алуусун уюштурат. Факультеттин профбюросунун составы жөнүндө маалымат: Шарипова Гулиза Капарбековна – деканат; Арстанбек кызы Айзада – ЭТФ кафедрасынын профбюросу; Молдоярова Жаннат Бекташевна – Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын профбюросу.