Методикалык миштер

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин методикалык иштери

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинде окуу-усулдук процесс профессордук-окутуучулук курам тарабынан ишке ашырылып, алардын ичинде илимдин доктору, профессорлор, илимдин кандидаттары, улук окутуучулар жана окутуучулар эмгектенип келишет. Кафедраларга бекитилген бардык дисциплиналар боюнча ар бир окутуучунун атайын окуу-усулдук комплекс папкалары жанылынып даярдалган жана кафедранын отурумунда талкууланып, факультеттин окуу-усулдук кенеши тарабынан жактырылып (прот. №1 25.09.2021-ж.) жана кафедра башчы тарабынан бекитилген. Окуу-методикалык комплексинин курамында курстун максаты, милдети, жумушчу программасы, тематикалык планы жана студенттер учун силлабус, лекциялык жана практикалык сабактардын материалдары, учурдук, аралык жана жыйынтык текшерүүлөрдүн тапшырмалары, аларды баалоо критерийлери, студенттердин өз алдынча иштерине тапшырмалар, негизги жана кошумча адабияттар, тесттик материалдар катылган. (ОшМУнун №19бюллетенинин негизинде).

2021-2022-окуу жылы учун кафедраларда ачык сабактардын жана өз ара сабактарга катышуунун графиги түзүлгөн жана бекитилген. Бул окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында кафедра башчылары тарабынан ар бир окутуучу үчтөн кем эмес өз ара сабактарга катышууну пландаштырган. Ар бир окутуучу бекитилген график боюнча өз ара сабактарга катышып, өтүлгөн сабактар анализденип, анын жыйынтыгы тиешелүү бланкага түшүрүлүп, папкага тиркелген.

Кафедраларда окутуунун техниологияларын колдонуу боюнча жана жанычыл процесстерди уюштурууга карата алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, инновациялык методдорду өздөштүрүү боюнча тренинг-семинарларга катышып турушат. Кафедраларга өз ара сабактарга катышуу да жолго коюлган, айрым сабактарды үлгү катары жайылтса да болот.

2021-жылдын 26-ноябрь күнү “Агартуу академиясынын” алдында уюштурулган “ЖОЖдо компетенттүү окутуучуну даярдоо” аттуу долбоордун алкагында уюштурулган семинар-тренинг болуп өттү. Семинарга факультеттин окутуучулар жамааты, кафедра мүчөлөрү толук катышты. Семинар-тренингде БББТМ кафедрасынын доценти Д.Тагаева окутуунун жаны техниологиялары боюнча маалыматтарды берип, окутуу процессине сунуштоо менен окутуучулар менен биргеликте практикалап көрүштү. Мында окутуучулар кызыккан суроолорду берип, талкуу жасашты. 2022-жылдын февраль айында университет тарабынан уюштурулган 72с, 36с семинарларга факультеттен 7 окутуучу катышып, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

2021-жылдын 22-декабрында педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А.Жутанова Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү жарлыгына ылайык “Педталанттуу студент – кечээ, бүгүн, эртең (автордук долбоор)” аттуу методикалык конференциясын уюштурду. Эске сала кетсек, бул автордук долбоор 2000-жылдан баштап 8 жыл катар чоң театрдык сахналарда үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген.

Конференцияга конок катары кечээги жана бүгүнкү педталанттуу студенттер чакырылды:

1. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Касымова Нурзида Абабакировна;

2. Х.и.к., PhD, ОшМУнун Жарчысы журналынын жооптуу редактору Абдуллаева Жыпаргуль Душабаевна;

3. №18 Алишер Навои атындагы мектеп-лицейинин директору Акматов Жоомарт Алдыраманович;

4. ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин магистранты Исраилбекова Зинат Исраилбековна;

5. ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Базарбекова Айсулуу Раимбековна.

Бул коноктор педагогика дисциплинасын окуп, өздөштүрүү аркылуу көптөгөн кыйынчылык, кырдаалдарда пайдасы тийип, азыркы мезгилде кандай ийгиликтерге жетишкендиктерин презентация аркылуу чагылдырып, эжекеге ыраазычылыктарын билдиришти.

Конференция онлайн жана офлайн форматында болгондугуна байланыштуу, ОшМУнун жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин ага инспектору С.Атакулов, факультеттердин студент-магистранттары катышып, суроо-жооп, сунуштар менен жыйынтыкталды.

2021-жылдын 23-декабрында саат 08:00 педагогика кафедрасынын доценти А.А.Исаев ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин И(б)-2-20 тайпасынын студенттерине "Чыңгыз Хан" аттуу кино-лекция уюштурду. Иш-чарада "Чыңгыз Хан" киносунун үзүндүлөрүнүн алкагында тарбиялык маанисин талкуулашты.

2022-жылдын 5-13-февраль күндөрү педагогика кафедрасы тарабынан “Квалификацияны өркүндөтүү” курсу уюштурулду. Курска факультеттердин педагогикалык эмес жаатындагы мугалимдери, педагогика кафедрасы келишим түзгөн мектептердин мугалимдери жана педагогика кафедрасынын окутуучулар курамы катышып, билимин өркүндөтүштү. Курстун башталгыч күндөрү педагогика кафедрасынын доценттери Батыралиев А.А “Жалпы педагогиканын негиздери”, Жутанова Г.А “Окутуу процессиндеги билимди баалоонун технологиялары” деген темада кызыктуу семинар өтүштү. Ал эми 11-12-13- февраль күндөрү КРнын эмгек сиңирген мугалими, Баткен областынын Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, педагогика кафедрасынын доценти Мадаминов Гапыр Маматкулович “АЭМдин негизинде окуучулардын, студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгүн уюштуруунун жолдору” деген темада семинар өттү. Семинардын аягында жалпы мугалимдер көптөгөн маалыматтарга ээ болгондугун айтышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Казакстан Республикасынын Л.Н.Гумилёв атындагы Евразиялык улуттук университетинде «Жогорку билимдин сапатын камсыз кылуу: дүйнөлүк тенденциялар жана аймактык аспектилери” аттуу V Борбордук Азиялык эл аралык форуму болуп өттү. Форумда педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Батыралиев Адылбек "ИЗ ОПЫТА ОРГАНИЗАЦИИ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ ПРАКТИКИ В ОШСКОМ ГОСУДАРСТВЕННОМ УНИВЕРСИТЕТЕ" деген темада доклад окуду. Л.Н.Гумилёв атындагы Евразиялык улуттук университети менен ОшМУнун, анын ичинде педагогика кафедрасынын кызматташтыгы талкуулангандыгын доцент А.Батыралиев билдирди. (https://enu.kz/ru/info/novosti-enu/64271).

Конок лекциялар

Ф.А.А.

Кафедрасы

Илимий даражасы, кызматы

Предмети ,

курсу

Лекциянын темасы

Эскерт үү

1

Абидов Мухаммед Ахмедович

Ош шаардык спорт комитети

Эл аралык даражадагы калыс

1-2-3-4-курс

Калыстык кылуунун этаптары

Офлайн

2

Разаков Мазакбай

Жалал-Абад колледжи, дене тарбия жана спорт

Доцент,

Бөлүм башчы

1-2-3-4-курс

Дене тарбия сабагын окутуунун методикасы

Онлайн

Конок лекция окуп сыртка чыккандар:

Ф.А.А.

Кафедрасы

Илимий даражасы, кызматы

Эскерт үү

1

Райимбердиев Ы.А.

Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасы

Кафедра башчы,

ага окутуучу

Жалал-Абад колледжи, дене тарбия жана спорт бөлүмү

2

Райимбердиев Ы.А.

Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасы

Кафедра башчы,

ага окутуучу

Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институту, дене тарбия багыты

3

Гапраова чынаркан Абдураимовна

Декандын м.а., доцент

Декандан м.а., доцент

М.Улугбек ат-гы улуттук универсттет (Өзбекстан)

4

Таабалдиева Атыргул Кичиковна

Улук окутуучу

Улук окутуучу

М.Улугбек ат-гы улуттук универсттет (Өзбекстан)

5

Алиева канышай Уларовна

Пед.илим.канд

Улук окутуучу

М.Улугбек ат-гы улуттук универсттет (Өзбекстан)

6

Бообекова Айнагул Ашировна

Улук окутуучу

Улук окутуучу

М.Улугбек ат-гы улуттук универсттет (Өзбекстан)

7

Кошонова Салтанат

Пед.илим канд

Каф.

М.Улугбек ат-гы улуттук универсттет (Өзбекстан)