илимий иштер
      КАФЕДРАНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ
      2000-жылдан бери Б.Апышевдин «Мухаммед пайгамбардын таалим-тарбия жөнүндөгү даанышман ойлору» (2001-ж.), Д.Бабаев, Т.Жоробековдор менен авторлош «Педагогика» (2002-ж.), «Дидактика» (2006-ж.), «Тарбия жараяны» (2008-ж.) окуу китептери, А.Батыралиевдин «Педагогикалык теориялар, системалар, технологиялар» курсу боюнча колдонмолору жана башка окутуучулардын көптөгөн методикалык иштелмелери жана көрсөтмөлөрү жарык көрдү. Эл аралык жана республикалык масштабдагы илимий конференцияларда окутуу, тарбиянын актуалдуу проблемалары боюнча докладдар окулуп, илимий макалалар жарыкка чыгарылууда.
      Кафедранын доценти Б.Тажикованын жазган проектиси «Сорос Кыргызстан» фондунун грантын утуп, «Личность и воспитание: Роль образовательных технологий в современной школе» деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференцияны фонддун каржылоосу (7,5 миң доллар) аркылуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду жана азыркы талапка ылайык жооп бере турган техникалык жана илимий булактары бар «Билим берүү борборун» жана педагогикалык лабораторияны ачууга жетишти.
      Окутуучулар жалпы университеттик масштабда окуу-тарбия иштерин жүргүзгөндүктөн, элүү жылдан ашуун мезгил ичиндеги бүтүрүүчүлөрдү, бардык көрүнүктүү инсандарды кафедра тарбиялап чыкты десек жаңылышпайбыз. Бүтүрүүчүлөр менен кафедра дайыма байланышта.
      Өкмөт тарабынан кафедранын окутуучулары түрдүү сыйлыктарга ээ болгон. Мисалга алсак, Ж.Бешимов, С.Ким, Д.М.Лондон, К.Жумабаев, Б.Сапарова, М.Мусакеев, К.Рустамова, Б.Тажикова, Г.Жакупова, А.Эгембердиевалар Кыргыз Республикасынын «Элге билим берүүнүн мыктылары» деген наамга татыктуу болушкан. Ал эми профессор Б.Апышев «Даңк», «Ардак» медалдарынын ээси болуу менен биргеликте 2008-жылы Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты болгон.
      Кафедра бүгүнкү күндө бардык предметтердин жумушчу программаларын, силлабустарын иштеп чыкты жана алар башка окуу жайларында да ийгиликтүү колдонулуп келе жатат.
      2003-жылы доцент М.Бабаев илимий эмгегин ийгиликтүү коргоду. Ал эми улук окутуулар Н.Шадиев менен К.Акматов 2011-жылы жана Г.Жутанова 2015-жылы кандидаттык диссертациясын коргошту.
      Доцент Б.Апышев, профессор Д.Бабаев, доцент Т.Жоробековдор кыргыздын элдик педагогикасынын идеялары менен азыркы дүйнөлүк илимий педагогиканын жетишкендиктерин айкалыштырган педагогиканын толук курсунун базалык окуу китебин республиканын билим жана маданият министрлигинин грифи менен жарыкка чыгарышып окурмандардын алдына коюшту.
      Республикада билим берүү майданында жүргүзүлүп жаткан реформа алардын илимий-педагогикалык негиздерин иштеп чыгууда жана реформалардын идеяларын иш жүзүнө ашырууда чыгармачылык менен өз салымдарын кошо турган мугалим кадрларын даярдоодо кафедра чечүүчү звенолордун бири болуп кала бермекчи.
     ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯЛАР 
            СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ–ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ
      Студенттердин илимий–изилдөө иштери курстук долбоор, баяндама, илимий ийрим, рефераттарды жаздыруу жана олимпиадага даярдоо, илимий конференцияларга катышуу, макала жазуу, дипломдук жана квалификациялык иштерди коргоо формасында жүргүзүлөт.