Магистр ГОС программа


Магистр ГОС программа

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Физика-техника факультети

“Физика-математикалык билим берүү” багыты боюнча магистратуранын бүтүрүүчүлөрү үчүн дисциплиналардын комплекси

боюнча мамлекеттик аттестация

Түшүндүрмө кат

Дисциплиналардын комплекси боюнча мамлекеттик экзамен ЖОЖдо физика мугалими катары даярдалган магистр бүтүрүүчүнүн билим сапатын текшерүүнүн негизги зарыл формасы.

Жалпыга коюлган талапка ылайык мамлекеттик экзамендин билети эки суроодон түзүлөт:

Биринчи- дисциплиналардын комплекси , экинчи- ЖОЖдо,колледжде жана мектепте физика курсунун негизги бөлүктөрүн жекече суроолорун методикасынан.

Биринчи суроонун жообун магистрант негизинен стандартта берилген базалык жана элективдүү курстардын негизги материалдарынын мазмунун ачып көрсөтүүсү зарыл.

Экинчи суроонун жообу физикага окутуунун жекече суроолорунун методикасы ЖОЖ, колледж жана мектеп физика курсунун негизги темаларын камтыйт. Алардын мазмунун ачууда жалпысынан илимий-методикалык анализдөөгө жана физикалык түшүнүктөрдүн калыптануу методикасына, физиканын закондорун үйрөнүүнүн методикасына негизги көңүл буруу керек. Бүтүрүүчү, мамлекеттик экзаменде физика курсунун структурасы жана мазмунун берүүчү билимдердин идеясын гана көрсөтпөстөн, программа боюнча окуу китептеринде кандайча ар бир тема берилгендигин андагы физикалык теориялар, закондор жана тигил же бул түшүнүктөр жөнүндө терең билимдер көрсөтүлгөнбү, физика боюнча окуу методикалык колдонмолорду; демонстрациялык жана лабораториялык эксперимент боюнча да билгичтигин көрсөтө билүү зарыл.

Физика курсунун темасын[теориялык, фундаменталдык жана прикладдык (колдонмо)] изилдөө, илимий-методикалык анализдөө, физикалык закондордун жана түшүнүктөрдүн башка окуу предметтери менен болгон байланышын дагы чагылдыруу керек. [теориялык, фундаменталдык жана прикладдык (колдонмо)] изилдөөлөрдү

Экзамендин билетинин суроосунун бирөөсү- экинчисинде кайталанбагандай жана ар бир бөлүмдүн суроолорунан конкреттүү жана так түзүлүүгө тийиш.

“Физика-математикалык билим берүү” багыты боюнча магистратуранын бүтүрүүчүсү аттестацияда, НББПструктурасындагы негизги элемент 8-окутуунун натыйжасын демонстрациялаш керек(окутуунун натыйжасы тиркелет).

Максаты

Окутуунун натыйжалары

1-максат.

Жалпыилимийбазалыкциклдердиокутуужанадүйнө тез өзгөрүптурганшарттаүзгүлтүксүзкомпетенттүү-багытталганбилимберүүнүнкесиптикмилдеттеринчечүүгөжөндөмдүүпедагогдудаярдоо.

ОН-1.Билим берүү процессинин негизги концепцияларынын жана моделдеринин маңызын жана мазмунун билет, изилдөөнүн заманбап ыкмаларын жана өз алдынча кесиптик жана инсандык билим алууну ишке ашырууга, өзүнүн андан аркы билим алуучулук жолун жана кесиптик ишмердигин өзгөчөлөнтө алышат.

ОК-1, ПК-6, ИК-3, СЛК-1

ОН-2.Өзүнүнкесиптикишмердүүлүгүнүнилимийбагытынкалыптандырууүчүнөзалдынчаизилдөөнүнжаңыыкмаларын,билимберүүчөйрөсүндө мониторинг жана экспертиза жүргүзүүгө, административдикресурстардытабуугаүйрөнөт.

ОК-4, ПК-3, ПК-14,СЛК-2

ОН-3.Заманбап педагогикалык теориялар жана билим берүү технологиялары тармагында өз алдынча билим алат жана илимий жана педагогикалык практикада натыйжалуу пайдалана алат.

ОК-3, ИК-4,ПК-4,ПК-5

ОН-4.Инновациялык билим берүү саясатынын милдеттерин ишке ашырууда оптималдуу билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу жана өзүнүн креативдүү жөндөмдүүлүгүн пайдалануу жөндөмүнө ээ болот.

ПК-2, ПК-8, ПК-10, ПК-11

ОН-5.Билим берүү процессин уюштуруунун, анын ичинде билим берүүнү маалыматташтыруу тармагындагы жаңы окуу программаларын долбоорлоо принциптерин жана инновациялык усулдарды иштеп чыгууну билет. ПК-1, ПК-2, ПК-20, ПК-23, ИК-3

2-максат.

Магистранттынинсандыккесиптиксапаттарынөнүктүрүүжанакалыптандыруу:максаткаумтулгандык, уюшкандык,жоопкерчиликти,жарандыкка,коммуникативдүүлүктү, сабырдуулукту ж.б жалпымаданиятынжогорулатуу,үзгүлтүксүзбилимберүүнүнжанаөзалдынчабилималуунуналкагындаөзбилиминөркүндөтүү, өзалдынчаишкеашыруужанаөзалдынчаөнүгүүгөжетишүү.

ОН-6.Илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын анализдей алат жана аларды конкреттүү билим берүү жана изилдөө маселелерин чечүүдө колдоно алат. ОК-5, ПК-9, ПК-10, ПК-17

ОН-7.Тажрыйба - эксперименталдыкиштижүргүзүү,инновациялыкпроцесстергекатышуутехнологияларын билет,илимийэксперименттердиннатыйжаларыништепчыгууүчүнэсептөөыкмаларынколдонот.

ПК-12, ПК-13, ПК-16, ПК-18, СЛК-3.

ОН-8.Илимий-изилдөөишининжыйынтыктарынталдоонунмаксаткаылайыктуулугундалилдөө,башка авторлордуннатыйжаларымененсалыштыруу, алынганжыйынтыктардынпрактикалыкмаанисинжанаалардыишкеашыруунунмүмкүнболгонордунаныктоо.

ПК-21, ПК-20, ПК-22, ПК-23

Программа

Орто жалпы билим берүүчү мекемелерде жана ЖОЖдордо физиканы окутуу процессин жөнгө салуучу (регламенттөөчү) документтер. Стандарт – билим берүү системасынын коомдун керектөөлөрүнө шайкештигин демонстрациялоо. Ишкана уюмундагы (мекемедеги) билим берүү процесстин уюштуруунун жана ишке ашыруунун азыркы методикаларын жана технологияларын практикаланышы. ЖОЖдо билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөөнүн формаларын жана методдорун, ошондой эле, көзөмөлдөөчүлүк-ченөөчүлүк материалдардын ар кандай түрлөрүн, анын ичинде, маалыматтык технологияларга негизделген түрлөрү.

Окутуу технологиясы – окуп үйрөнүү ситуациясын өзгөртүп түзүү процесси. Билим берүү технологиясын конкреттүү шарттарда окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын, үйрөнүүчүлөрдүн учурдагы абалын диагноздоо каражаттары, окутуунун моделдеринин топтомун жана окутуунун оптималдуу моделин тандоо критерийлерин камтыган система катары кароого болорун анализи. ЖОЖдордо окуу процессин уюштурулуш сапатын анализи жана жакшыртуу боюнча конкреттүү технологиялары.Жогорку мектептерде окутуунун негизги технологиялары. Жогорку мектептерде окутуунун активдүү методдору, аларды колдонуунун технологиялары. Модулдук окутуунун максаты, маңызы, механизмдери жана учурдук текшерүү.

Мектепте физиканы окутууга карата компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу жана физикалык билим берүүнү стандартташтыруу проблемалары . Бул проблемаларга арналган илимий [теориялык, фундаменталдык жана прикладдык (колдонмо)] изилдөөлөр. Дисциплиналардын ОМКсын, силлабусун иштеп чыгуу жана аны актуалдуу абалда кармалышын талдоо.

Диссертациялык изилдөөнүн методологиялык аппараты жөнүндө баяндоо. Мектепте физиканы окутууга карата (айталы, 11-класста Электромагниттик термелүүлөр” темасын окутууда) компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу проблемасы боюнча диссертациялык илимий изилдөөнүн болжолдуу жумушчу планын сунуштоо. Өзүнүн алган темасы боюнча илимий изилдөөчүлүк ишти жүргүзүүдө кайсы изилдөө методдорун жана кантип колдонгондугу. Изилдөөнүн натыйжаларын жарыялоо. Илимий макаланын түрлөрү. Илимий макаланы жазууда эмнелерге көңүл буруунун жолдору. Аталган проблеманы чечүүгө арналган диссертациялык изилдөө жүргүзүүдө компьютердик символдук математиканын (кайсы ) методдорун колдонгонуу. Мектепте физиканы окутууга карата компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу, инновацияларды сунуштоо жана аны негиздөө. Студенттердин калдык билимдерин текшерүү үчүн мониторинг уюштуруу(текшерүү иш, тесттик материалдын фондун түзүү), сессиянын аягында окутулган предметтердин сапаты жөнүндө студенттерди сурамжылоо (электрондук анкетирлөө) жүргүзүү, өткөрүүнүн жана жыйынтыгын анализдөөнүн негизги максаттары.

Жогорку мектептерде окутуунун түрлөрү. Практикалык жана семинардык сабактарды пландаштыруу. Окутууну пландаштырууда дисциплиналар боюнча иштелмелерин түзүү. Жогорку мектептерде окутуунун активдүү методдору, аларды колдонуунун технологиялары.

Физика курсу – физикалык теориялардын системасы. Физикалык теориялар- жалпы жоболордун негизинде белгилүү системага бириктирилген физикалык билимдердин жыйындысы. Анын негизи, ядро жана натыйжаларын блок-схемада көрсөтүү. Билим берүүдө интернет ресурстары. Физика боюнча дистанттык окутуу. Дистанттык окутуунун негизги түрлөрү жана колдонуу методикасы. Он –лайн окутуу, отчоттуулугу жана өзгөчөлүгү. Физика сабагын окутууда слайд-презентацияларды даярдоо, көрсөтүүнүн ыкмасы, компетентүүлүк мамиле. ЖОЖдордо семинарлардык, практикалык жана лабораториялык сабактардын түрлөрү. Физика боюнча виртуалдык лабораториялар жана уюштуруу технологиясы. Компетенттүүлүк. Компетенциялар, методикалык, психологиялык, коммуникативдик, уюштуруучулук, рефлексивдүү, акмеологиялык. Компетенттүү физика мугалимине мүнөздөмө.

Санариптик лабораторияларды физикалык лабораториялык практикумдарда колдонуунун усулу. Санариптик лабораторияларды колдонуу менен аткарылуучу окуучулардын физика боюнча окуу-изилдөөчүлүк жана долбоордук ишмердүүлүктөрү. Физика боюнча санариптик лабораториялардын каражаттарынын заманбап комплекстери жана алардын өзгөчөлүктөрү. “Жандуу физика” (Жаңы технологиялар институту, Россия) окутуучу программасынын мүмкүнчүлүктөрүнө мүнөздөмө.

Физика боюнча интерактивдүү сабактардын техникалык жана программалык камсыздалышы, аларга коюлуучу минималдык талаптар.

Жалпы физика курсунун «Механика» бөлүмүндөгү“кинематиканын жана динамиканын негиздерине” илимий-методикалык анализ жүргүзүү жана практикалык сабактын планынын болжолдуу схемасы. “Механикалык термелүүлөр жана толкундар” темасын окутуунун натыйжасында студент эмнелерди жасай алууга жетишүүсү зарыл экендигин ирээти менен атоо. Жалпы физика курсунун «Механикадагы энергиянын сакталуу закондору» темасын окутууда компетенттүлүктү калыптандыруунун жолдорун көрсөтүү. Жалпы физика курсунун «Газ молекулаларынын ылдамдыктары боюнча бөлүштүрүлүшү. (Ыктымалдуулук. Максвеллдин бөлүштүрүүсү)» темаларын окутууга карата методикалык сунуштар.

Жалпы физика курсунда “Турактуу ток. Түрдүү чөйрөдөгү электр тогу” темасын окутуунун натыйжасында студенттин түшүнүп баалоо жолдору. Жалпы физика курсунун «Электр талаасы» темасына илимий-методикалык анализ жүргүзүү жана компетентүүлүк мамиленин ишке ашуусун негиздөө. Физика курсунун электромагниттик кубулуштар баяндалган («Магнит кубулуштары», «Электромагниттик индукция. Өзгөрмө ток», «Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар») темаларын окутуу жана окуу эксперименттеринин коштолушунун зарылдыгы. Жалпы физика курсунун «Жарыктын кванттык жаратылышы. (Фотоэлектрдик эффект. Фотоэффекттин негизги закондору. Нурдануунун корпускулалык касиети. Фотондор. Фотондун энергиясы, импульсу, массасы. Планк турактуулугу. Фотоэффект үчүн Эйнштейндин теңдемеси)» темаларына илимий-методикалык анализи. Жалпы физика курсунун «Атомдун түзүлүшү. (Резерфорддун тажрыйбасы. Резерфорд боюнча атомдун модели. Резерфорддун моделинин натыйжалары. Атом модели жана Бордун постулаттары. Франк жана Герцтин тажрыйбалары)», «Атом ядросунун түзүлүшү жана касиети (Адронун курамы: протондор жана нейтрондор. Массанын деффекти жана ядронун байланыш энергиясы. Ядролук энергетика)» бөлүмдөрүнүн структурасы менен мазмунуна талдоо жүргүзүү. Жогорку окуу жайларда физиканы окутуунун максаттары жана милдеттери, мааниси, өзгөчөлүктөрү. Физика курсунун мазмуну жана структурасына талдоо жүргүзүү. Жалпы физика курсунун «Механика» бөлүмүнө тиешелүү окуу эксперимент жүргүзүүнүн маанисин, өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү. Механикадагы сакталуу закондоруна анализ жана компетенттүлүктү калыптандыруунун жолдорун көрсөтүү. Жалпы физика курсунун «Газ малекулаларынын ылдамдыктары боюнча бөлүштүрүлүшү. (Ыктымалдуулук. Максвеллдин бөлүштүрүүсү)» темаларын окутууга карата методикалык сунуштар.

Жалпы физика курсунун «Молекулалык физика» бөлүмүнүн мазмуну жана структурасы, аны окуп үйрөнүүнүн мааниси, өзгөчөлүктөрү. Жылуулук кубулуштарын окуп үйрөнүүнүн статистикалык жана термодинамикалык методдорунун айрымачылыктары. Физиканы окутууда компьютердик графика жана анимациялардын ролун (мисал катары “Максвеллдин теңдемелери жана анын физикалык маанисин окутууда”) аныктоо. Физика курсунун «Электродинамика» бөлүмүнүн мазмуну жана структурасы, өзгөчөлүктөрү, аны жогорку кесиптик окуу жайларда окуп үйрөнүүнү пландоо. Жалпы физика курсунун “ Механикалык кыймыл. (Классикалык жана релятивистик механика. Классикалык механиканын колдонулуу чеги)” темасына илимий-методикалык анализ жүргүзүңүз жана компетенттүүлүк мамиленин ишке ашуусун негиздөө. Жалпы физика курсунун «Турактуу электр тогу», «Түрдүү чөйрөдөгү электр тогу» темаларына илимий-методикалык анализ жана окутуунун натыйжасы. Жалпы физика курсунун «Турактуу электр тогу. Электромагнетизм», «Заттардын магнитик касиеттери. Индукция кубулушу» темаларына илимий-методикалык анализ жана аларды окутууга карата методикалык сунуштарды киргизүү жана компетенттүлүктү калыптандыруунун жолдорун көрсөтүңүз. Жалпы физика курсунун «Өзгөрмө токту алуу», «Электромагниттик термелүүлөр» темаларын окутууда компетентүүлүк мамиленин ишке ашуусун анализдөө. Физика курсунун жылуулук кубулуштар баяндалган “ Газ молекулаларынын ылдамдыктары боюнча бөлүштүрүлүшү. (Ыктымалдуулук. Максвеллдин бөлүштүрүүсү)”. “МКТнын негизги теңдмеси. (Идеалдык газ. Газдардын молекулалык-кинетикалык теориясынын негизги теңдемеси)”. “Больцмандын бөлүштүрүүсү. ( Идеалдык газ тартылуу талаасында. Бийиктиктен бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгынын өзгөрүшү)”. “Термодинамиканын негиздери. ( Ички энергия. Энергиянын эркин даража сандары боюнча бөлүштүрүлүш закону. Газ кеңейгендеги аткарылган жумуш)” окутуу кандай окуу эксперименттери менен коштолушу зарыл экендигин жалпы жолунан баяндоо жана негиздөө. Жалпы физика курсунун электрдик кубулуштарды баяндаган “Электрдик күчтөр. (Телолордун электрдик касиеттери. Элементардык заряд. Электр зарядынын сакталуу закону)”. “Электр талаасы. ( Электр талаасынын чыңалышы. Суперпозиция принциби)”. “ Электр талаасынын жумушу. ( Электр талаасында чекиттик зарядды которуудагы жумуш. Чыңалыш векторунун циркуляциясы. Электр зарядынын потенциалдык энергиясы)”. “Электр талаасынын энергиясы. ( Өткөргүчтөрдүн электр сыйымдуулугу. Конденсаторлор. Конденсаторлордун сыйымдуулугу)” темаларын окутуу кандай эксперименттери менен коштолушу зарыл экендигин жалпы жолунан баяндоо жана негиздөө. Жалпы физика курсунун механикадан физикалык практикумдун мазмуну боюнча кыскача түшүндүрмө берүү. Жалпы физика курсунун молекулалык физикалык практикумдун мазмуну боюнча кыскача түшүндүрмө берүү. Жалпы физика курсунун физикалык практикумдун электромагнетизм мазмуну боюнча кыскача түшүндүрмө берүү.