Факультет бүгүнкү күндө

Бүгүн табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети түштүк аймакта гана эмес, Кыргызстандын жана Фергана өрөөнүнүн масштабында биология, химия, география, туризм, ветеринария, агрономия жана геодезия багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча таанылган билим берүү жана илимий борбор болуп эсептелет. Анын материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасы азыркы жогорку мектептин бардык талаптарына жооп берет. Адистерди сапаттуу даярдоо багытында эл аралык стандарттарга ылайык келген шарттар толук түзүлгөн.

Окуу процесси жана илим изилдөө иштери 7 кафедрада жүргүзүлөт:

Кафедранын аталышы

Башчысы

Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуу усулдары

п.и.к., доцент Эмилбекова Д.А.

Зоология жана экология

б.и.к., доцент Абдыкааров А.М.

Химия жана химиялык технологиялар

т.и.к., доцент Полотов И.Ж.

Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануунун концепциялары

г.и.к., доцент Шербаева З.Э.

Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм

г.и.к., доцент Самиев К.Т.

Ветеринардык медицина жана биотехнология

а.ч.и.д., профессор Абдурасулов А.Х.

Агрономия жана колдонмо геодезия

б.и.к., доцент Муратова Р.Т.

Бул кафедраларда жаңы билим, заманбап усулдар жана технологияларды колдонуу менен студенттерге билим берүүдө чоң тажрыйбаларга жетишкен 100дөн ашык жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет. Алардын ичинен 2 КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерлер, 1 КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 1 КР УИА корреспондент-мүчөсү, 3 КРнын спортунун чеберлери, 7 илимдин доктору, профессорлор, 40 илимдин кандидаты, доценттер эмгектенет.

2021-жылдын 9-декабрына карата факультетте жалпысынан 2000 студент жана магистрлер билим алып жатышат:

Багыты

Күндүз окуу

Сырттан

окуу

Магис-тратура

Баары

Табигый-илимий билим берүү:

химия

биология

география

81

151

64

89

644

104

42

40

28

34

42

210

823

202

Химия (ХЭК)

52

-

-

52

Биология (инженер)

35

-

-

35

Колдонмо геодезия

58

74

-

132

Туризм

86

58

21

165

Ветеринария

52

254

-

306

Агрономия

16

17

-

33

Баары

595

1240

165

2000

Студенттик коомчулукту негизинен Кыргызстандын түштүк областтарынан жана Ош шаарынан келгендер түзөт. Чет өлкөлүк студенттерден Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү билим алышат.

Факультет окуу, илимий, маданий-тарбиялык жана спорттук-эс алуу иштери үчүн толук шарттары бар материалдык-техникалык базага ээ: 31 аудитория (анын ичинде илимий лабораториялар), 41 каана, 650 орундуу чоң актылык зал, 2 компьютердик класс, академик Б.Мурзубраимовдун өмүр жолуна, илимий-педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүгүнө арналган музей, профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы, профессор Ч.Жумабаев атындагы анатомиялык окуу музейи, профессор Б.Кулназаров атындагы окуу-илимий борбор, профессор К.Матикеев атындагы окуу кабинети, Мейкиндик маалыматтарды талдоо жана кырсыктар тобокелчиликтерин азайтуу технологиялары боюнча эл аралык борбор, Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору, табигый ресурстар борбору, жандуу бурч, таксидермия лабораториясы, 5000 аталыштагы коллекциясы бар гербарий фонду, спорт зал жана футбол аянтчасы, 60000 китеби бар китепкана, 5,8 га аянттагы ботаникалык бак, 80 орундуу ашкана ж.б.

2022-жылдын 16-августунда түштүктөгү эң алгачкы 5 кабаттуу ветеринардык клиниканын имаратынын пайдубалына капсула салынып, бир жыл ичинде толугу менен бүтүрүлдү. 2023-жылдын 5-октябрында Ош шаарыбыздын күнүнө карата Ветклиниканын ачылуу аземи болду. Ветклиниканын ачылуу аземи Ош шаарынын мэри Б.Жетигенов, вице-мэр Н.Кадыров жана ОшГУнун ректору К.Кожобеовтун катышуусунда салтанаттуу түрдө болуп өттү.