Профорентация
Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы кккесипке багыттоодо 2024-жылдын 14-май күнү Ош областынын Араван районунуна караштуу №13 Хабиб Абдуллаев, №3 Алишер Навои атындагы орто мектептеринин 9-11-класстын окуучуларына ОшМУнун жана математика, физика, техника жана информациялык технологиялар инстутунун адистиктери, анын ичинен физика-математикалык билим берүү багытынын “физика” профили жөнүндө маалымат берилип, кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү.


2023-жылдын 9-декабрь күнү Жалпы физика жана ФОУ кафедрасында Баткендин Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Сейтказы Эрматов атындагы орто мектептин мугалимдери, окуучулардын ата-энелери жана 11-класстын окуучулары менен жолугушуу болду, ошондой эле, кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү.


Профориентация

“Физика-математикалык” билим берүү багыты “физика” адистиги боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү 2022-жылдын 30-октябрында ф.-м.и.к., доцент Ж.Э Эгембердиев, улук окутуучу А.Ж.Эгемназарова,окутуучулар: Бекжан кызы Гулайим жана М.Калбековалар кесипке багыт берүү максатында Кара -Суу районуна караштуу №5 Токтомуса Алимбеков жана №44 Абдраман Сматов атындагы мектептерге барышты .

Анда негизинен бүгүнкү күндө билим берүүнү оптималдаштыруу процесстери ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын "билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, билим берүүнүн мазмуну инсандын өзүн-өзү аныктоосун камсыз кылууга, аны ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталышы керектиги. Билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири болуп "билим берүүнүн жалпыга жеткиликтүүлүгү, билим берүү тутумунун окуучулардын өнүгүү жана даярдоо деңгээлдерине жана өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлашуусу" эсептелери тууралуу сөз болду.

Негизги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты мамлекеттик (заказ) аккредитациясы бар билим берүү мекемелери тарабынан негизги жалпы билим берүүнүн негизги билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон талаптардын жыйындысы болуп саналат.

Коомдун өнүгүүсүнүн заманбап этабы Кыргызстандын билим берүү системасынын алдына бир катар принципиалдуу жаңы милдеттерди койду, алардын арасында билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринин ортосундагы байланышты күчөтүү, дүйнөлүк илимий-билим берүү мейкиндигине интеграциялоо зарылдыгы өзгөчө баса белгиленди.

Физика предметин окутууда олуттуу проблемалардан болуп предметке болгон кызыгууну, көргөзмөлүүлүктү арттыруу жана окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, өз алдынча билим алууга шарт түзүү саналат. Мындан чыгуунун бир жолу болуп, компьютердик технологиянын негизинде кыргыз тилиндеги электрондук окуу-методикалык комплекстери (электрондук окуу китептери) түзүлүүдө жана ал окуу процессине кийирүлүдө.Аларды туура пайдалануу зарылдыгы баса белгиленди

Учурда мектептин бүтүрүүчүсүнө бир катар талаптар коюлууда: жогорку жалпы маданият, терең билимге жана турмуштук тажрыйбага негизделген кеңири илимий дүйнө тааным таанып-билүү жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн зарыл деңгээли, өзүн-өзү тарбиялоого жана өзүн-өзү тарбиялоого максат коюу. Бул жаатта ф.-м.и.к., доцент Ж.Э Эгембердиев, улук окутуучу А.Ж.Эгемназарова,окутуучулар: Бекжан кызы Гулайим жана М.Калбековалар көп маселелер бар экендигин баяндашты.