КАФЕДРАНЫН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

МАКСАТЫ: компетентүүлүктүн, жарандыктын, адептүүлүктүн жана толлеранттуулуктун эталону боюнча жөндөмдүү, жаңыча ой жүгүрткөн адистерди даярдоо.

КАФЕДРАНЫН МИЛДЕТТЕРИ:

1. “Башталгыч класстарды окутуу”, “Мектепке чейинки билим берүү” жана “Социалдык иштер” адистиктери боюнча студенттерди кесипке сапаттуу даярдоону ишке ашыруу.

2. Окуу процессинде заманбап билим берүү стратегиясына негизделген жана мамлекеттик стандарттарда белгиленген бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк түзгөн окутуунун инновациялык технологияларын жайылтуу (билимдерин трансформациялоонун, окутуудагы сынчыл ойломдун, интеграциялык окутуунун, практикада үйрөнүүнүн, СӨАИни жана СӨИни уюштуруунун негизинде).

3. Мамлекеттик стандарттарга ылайык окуу процессин камсыздоочу окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу (болочок адистердин маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүгүн калыптандырууга мүмкүндүк түзүүчү окуу планындагы бардык дисциплинар боюнча окуу-методикалык комплекстерди электрондук версиялары менен).

4. Орто кесиптик билим берүүнүн негизги программаларын өздөштүргөндөн кийин бакалавриатта билим алууну улантууга мүмкүндүк түзүүчү оптималдуу шарттарды жаратуу.

5. Практикалардын бардык түрлөрүн сапаттуу уюштуруу жана өткөрүүнү иш берүүчүлөрдүн эсебинен камсыздоо. Практиканы өткөрүү, практиканын бардык түрлөрүнүн натыйжалары, натыйжалуулугу жөнүндөгү ар кандай маалыматтарды топтоо, эсепке алуу менен иштеп чыгуу жана талдоо, практиканттардын рейтингин аныктоо учурунда алардын компетенцияларынын калыптанышынын деңгээлин аныктоо боюнча инстументтерди иштеп чыгуу.

6. Илимий изилдөө процесстерин өркүндөтүү, СИИИрин уюштуруу, рейтингдик көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кафедранын потенциалын максималдуу пайдалануу.

7. Студенттердин социалдык активдүүлүгүн калыптандыруу үчүн атуулдук жана руханий-адептүүлүк тарбиялоонун системасын түзүү.