Информатика кафедрасынын стратегиялык өнүгүү планы (2016-2020-жылдар үчүн)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИНИН

ИНФОРМАТИКА КАФЕДРАСЫНЫН

СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫ

(2016-2020-жылдар үчүн)

Ош - 2016

Мазмуну

1. Киришүү

1.1. Кафедранын учурдагы абалына анализ

1.2. Кафедранын максаты

1.3. Стратегиялык максаттары

2. Иш аракетинин негизги багыттары

2.1. Окутуу процессиндеги инновациялык жана модернизациялоо боюнча иш- аракеттер

2.2. Илимий-изилдөө иштери

2.3. Кафедрадагы информатизациялоо багытындагы иш-аракеттер

2.4. Окутуу процессин жана илимий-изилдөө иштерин материалдык-техникалык жактан камсыздоо

2.5. Кадрдык потенциалды өстүрүү

2.6. Студенттер арасында жүргүзүлүүчү тарбиялык жана социалдык иш-аракеттер

2.7. Билим берүү системасына жардам көрсөтүү иштери

2.8. Билим берүү багытындагы эл аралык программалар жана проекттер менен бирдикте иш жүргүзүү


1. Киришүү

Информатика кафедрасынын стратегиялык өнүгүү программасы Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 2015-2020 жылдарга түзүлгөн стратегиялык планынын, ОшМУнун стратегиялык өнүгүү программасынын, “2020-жылга чейинки ОшМУнун өнүгүү концепциясынын”, Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдар аралыгында билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча билим берүүнү өнүктүрүү программасынын жана Болон декларациясынын принциптерин эске алуу менен түзүлгөн.

Кафедранын иш-аракетинин негизги максаттары жана милдеттери 2012-2016-жылдар аралыгында өнүгүүсүнүн стратегиялык планында ачык, даана белгиленди.

Кафедранын учурдагы абалына анализ

Учурда кафедрада 29 окутуучу жана 1 улук лаборант эмгектенет. Алардын ичинде 3 ф.–м.и.д., профессорлор, 8 ф.-м.и.к., доценттер, 7 ага окутуучу, 11 окутуучу-магистрлер эмгектенип жатат.

1.

Абдувалиев А.О.

доцент, ф.-м.и.к.

2.

Ободоева Г.

доцент, ф.-м.и.к., каф.башч.

3.

Сайипбекова А.

профессор, ф.м.и.д.

4.

Сагындыков М.

доцент, ф.-м.и.к.

5.

Арапбаев Р.

доцент, ф.-м.и.к.

6.

Турсунов Д.

профессор, ф.-м.и.д.

7.

Зулпукарова Д.

доцент, п.и.к.

8.

Артыкова Ж.

доцент, ф.-м.и.к.

9.

Эркебаев У.

доцент, ф.-м.и.к.

10.

Азимов Б.

ага окутуучу, ф.-м.и.к.

11.

Абжапарова У.

доцент

12.

Тажибаев К.

ага окутуучу

13.

Турдубеков Б.

ага окутуучу

14.

Жакыпбекова А.

ага окутуучу

15.

Нуранов Б.

ага окутуучу

16.

Шакиров К.

ага окутуучу

17.

Имаралиев Ө.

ага окутуучу, магистр

18.

Кулчинова Г.

окутуучу, магистр

19.

Садыкова Г.

окутуучу, магистр

20.

Сманова Н.

окутуучу, магистр

21.

Шамшиева Г.

окутуучу, магистр

22.

Артыкова Н.

окутуучу, магистр

23.

Жалилов А.

окутуучу

24.

Рашид кызы Б.

окутуучу

25.

Абдималик к. Ж.

окутуучу, магистр

26.

Гаипова С.

окутуучу

27.

Чоюбекова А.

окутуучу, магистр

28.

Абдималик к. Н.

улук лаборант

29.

Сабиржанов М

окутуучу, өндүрүштөн

30.

Аширбаева А.

профессор, ф.-м.и.д.,

Кафедра МИТ факультетинде төмөндөгү багыттар боюнча кадр даярдоо ишинде бүтүрүүчү кафедра катары кызмат көрсөтөт:

Колледж:

· колдонмо информатика (Экономика аймагында);

Бакалавриат:

  • колдонмо математика жана информатика;

· колдонмо информатика (Экономика аймагында);

Магистратура:

  • колдонмо математика жана информатика;

· колдонмо информатика (Экономика аймагында);

Жана ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин бардык факультеттеринде колледж, бакалавр, магистратура боюнча бардык багыттардын кадр даярдоо ишмердүүлүгүндө тейлөөчү кафедра катары кызмат көрсөтөт.

Кафедра мүчөлөрүнүн дээрлик баары окутуунун интерактивдүү жана инновациялык технологиялары боюнча атайын даярдыктан өтүшкөн. Алар өздөрүнүн лекциялык, практикалык сабактарын уюштуруп, өткөрүүдө гана эмес, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу жана жыйынтыгын баалоо ишинде да окутуунун заманбап технологияларын системалуу колдонуп келишүүдө.

Кафедранын “күчтүү жактары”:

1. Кафедранын эл аралык билим берүү багытындагы программалар менен тыгыз байланышта иштөөсү;

2. Кафедранын окутуунун жаңы технологияларын колдонуу боюнча атайын даярдыктан өтүшкөн мүчөлөрү курамдын 85%ын түзүшү;

3. Кафедранын өзүнүн “илимий багыттары” бардыгы жана анын мүчөлөрүнүн орточо жашы 40 тан ашпагандыгы;

4.

Кафедранын “күчсүз жагы”

1. Кафедранын профили боюнча илимий кадрлар анын курамынын 38%ын түзөт;

2. Билим берүү системасынын башка тармактарына (өндүрүш менен байланыш) жардам көрсөтүү жакшы жолго коюлбагандыгы;

3. Студенттерди илимий-изилдөө иштерине кызыктыруу максатында туруктуу иш алып барган атайын ийримдердин жоктугу;

Кафедранын максаты

“Колдонмо информатика” багыты боюнча техниктерди, бакалаврларды, магистрлерди жана “Колдонмо математика жана информатика” багытында бакалаврларды, магистрлерди даярдоо менен университеттеги бардык багыттардагы студенттерге заманбап компьютердик технологияларды кесиптик ишмердүүлүктөрүндө колдонууга үйрөтүү. Заманбап математикалык методдорду жана IT технологияларды экономикада колдонуу менен менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларда иштей алуучу кесипкөй адистерди даярдоо. Факультеттин курамындагы бардык кафедралар менен бирдикте жоопкерчиликтүү, мобилдүү, атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай, чыгармачылык менен өзүн-өзү реализациялоого даяр адистерди даярдоо.

Стратегиялык максаттары

– Жогорку билим берүүнүн негизги кесиптик программаларын ишке ашырууга өбөлгө түзө тургандай окутуу процессин эффективдүү уюштурууга жана жүргүзүүгө салым кошуу;

– Багыттардын бүтүрүүчүлөрүнүн билим берүү базарындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо;

– Фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү мындан ары да интенсивдүү өнүктүрүү;

– Кафедранын эл аралык байланыштарын чыңдоо (биргеликте илимий жана билим берүү багытындагы проекттерди ишке ашыруу максатында);

– Жаш окутуучулардын кесиптик чыгармачылык, илимий жактан өсүшүнө жана жаш окумуштуулардын көбөйүшүнө шарт түзүү;

– Жаңы билим берүү программаларын ачуу;

2. Кафедранын иш-аракетинин негизги багыттары

2.1. Окутуу процессин модернизациялоо жана инновациялык технологияларды кийирүү

Максаты: Болочок адистердин билимдеринин сапатын жакшыртуу максатында кафедранын билим берүүчүлүк иш-аракетинин системасын өнүктүрүү

Милдеттери:

· Жумушчу программаларды, силлабустарды 19-бюллетенге ылайыктап түзүп чыгуу;

  • ОМКлардын сапатын жакшыртуу;

· Тандоо курстарында окутулуучу курстар үчүн окуу адабияттарын даярдоо;

  • Академиялык чынчылдыкты камсыз кылуу;

· Окутуу процессинде интерактивдик, инновациялык, информациялык технологияларды кийирүү;

· Эл аралык аккредитация үчүн керектүү материалдарды даярдоо;

2.2. Илимий изилдөө иштери

· Кафедранын профили боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнү күчөтүү;

· Импактфактору жогору басылмалардан илимий макалаларды жарыкка чыгаруу;

· Окутуунун актуалдуу проблемалары боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;

· СИИнин эффективдүүлүгүн жогорулатуу (кружокторду негиздөө, алардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу)

· Магистранттарды даярдоонун сапатын жакшыртуу;

· Алгебра жана геометрия, Матанализ кафедралары менен биргеликте “Колдонмо математика жана информатика” программасы боюнча “PhD” үчүн лицензиялык материалдарды даярдоо;

2.3. Кафедраны информатизациялоо

· Окуу аудиторияларды информациялык-техникалык каражаттар менен жабдуу;

· Жаңы типтеги электрондук окуу китептерин, колдонмолорду даярдоо;

· Электрондук окуу ресурстарын окутуу-процессинде колдонууга кийирүү;

· Окутуунун информациялык-компьютердик технологияларын колдонууга ыңгайлаштырылган методикалык, дидактикалык материалдарды даярдоо;

· Аннимациялык окутуучу программаларды түзүү;

· “Электрондук өзүн-өзү текшерүү”, “Электрондук тестирлөө” сыяктуу порталдарды түзүү;

2.4. Илимий-изилдөө иштерин жана окутуу процессинин материалдык-техникалык камсыздоо

  • Заманбап илимий лаборатория түзүү (“PhD” үчүн)

· Практикалык ишмердүүлүктү күчөтүү максатында өндүрүштүк ишканалар менен биргеликте өндүрүштүк, илимий-практикалык лаборатория түзүү;

· Кабинет, лабораторияларды тиешелүү заманбап каражаттар менен жабдуу;

2.5. Кадрдык потенциалды өстүрүү

  • Магистранттарды даярдоо;

· “PhD” докторлорду даярдоо үчүн база түзүү;

· Кафедранын эл аралык байланыштарын пайдалануу менен илимий кадрларды даярдоонун сапатын жакшыртуу;

2.6. Студенттер арасында жүргүзүлүүчү социалдык жана тарбиялык иштер

· Кафедранын тарбиялык иш планына студенттерди рухий жактан байытуу максатындагы иш-чараларды кийирүү;

· Кураторлордун иш пландарында этнопедагогиканын негиздеринин кийирилишин жана алардын ишке ашырылышына жетишүү;

· Студенттердин улуттук-патриоттук сезимдерин өстүрө тургандай иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүгө жетишүү;

· Жатаканада жашаган студенттерге материалдык жана окуу-адабияттарынан жардам көрсөтүү;

· Студенттердин арасында дебат, брейн-ринг интеллектуалдык, ШТК клубдарды негиздөө жана студенттер арасында адептүүлүккө тарбиялоо иш-чараларын күчөтүү;

2.7. Билим берүү багытында кошумча кызмат көрсөтүү

· Окутуунун жаңы технологиялары боюнча ЖОЖдордун окутуучулары үчүн семинарларды уюштуруп, өткөрүү;

· “Окуу процессинде мультимедиялык технологияларды колдонуу” программасы боюнча ЖОЖдордун жана мектептердин мугалимдерине дидактикалык жардам көрсөтүү;

2.8. Билим берүү багытындагы эл аралык программалар жана проекттер менен бирдикте иш жүргүзүү

· Академиялык мобилдүүлүктүн рамкасында эл аралык жана ата мекендик ЖОЖдор менен алмашуу программасын өркүндөтүү;

· Эл аралык проекттер менен иштөөнү өркүндөтүү жана инвестиция тартуу;