Информациялык пакет


520100 «Химия» багытындагы химия магистри академиялык даражасынын бүтүрүүчүлөр окуу процессинде төмөндөгү билим берүү жыйынтыктарын (ОН) калыптандыра алат
ОН -1. Химиянын философиялык проблемаларын, табият таануунун, учурдагы жетишкендиктерди, перспективалык багыттарын өздөштүрөт.
ОН-2. Химиялык-экологиялык изилдөөлөрдө типтүү компьютердик технологияны колдонууга, илимий иш аракеттерде учурдагы химиянын колдонмо бөлүктөрүн чыгармачылык менен колдонууга жөндөмдүү.
ОН-3. Алган билимин жасалгалоого, окууда жана кесиптик иш-аракеттерде, илим изилдөө иштеринин жыйынтыктарын интерпретациялоого жана сунуш кылууга катыша алат.
ОН-4. Теориялык жана эксперименталдык химиянын бир кыйла актуалдуу проблемаларындагы илим изилдөө иштеринин жыйынтыктарын интерпретациялоодо химиялык процесстердин ыкмаларын жана принциптерин, алардын илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн маанисин билет.
ОН-5. Заманбап компьютердик технологияны колдонуу менен химиялык маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу ыкмалары боюнча теориялык билимдерди пайдалана алат.
ОН-6. Изилдөө иш аракеттеринин жыйынтыктарын берүүгө, эффективдүү пайдаланууга жана жарактуулугун баалоого, алган билимдерин колдонууга жөндөмдүү.
ОН-7. Химиялык изилдөө иштеринде практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин колдоно алат.
ОН-8. Илим изилдөө иштеринин жыйынтыгы иреттештирүүдө, сунуштоого жана интерпретациялоого жөндөмдүү.
520100 «Химия» багыты боюнча магистр академиялык даражасынын негизги билим берүү программасы (НББП)
Максат №1. Социалдык мобилдүүлүккө жана эмгек рыногуна туруктуулукка жөндөмдүү, универсалдуу жана предметтик-адистештирилген компетенцияларга ээ болгон квалификациялык адистерди даярдоо.
Максат №2. Химия илиминин жетишкендиктерин өздөштүргөн, аларды өз кесибинде колдоно билген жана анын өнүгүүсүнө өз салымын кошо ала турган кесипкөй адистерди даярдоо.
ОН -1. Химиянын философиялык проблемаларын, табият таануунун, учурдагы жетишкендиктерди, перспективалык багыттарын өздөштүрөт.
ОН1 = ЖИК1 + ИК1 + КК3
ЖИК-1 Изилдөөлөрдүн методдорун жана жыйынтыктарын тереӊ түшүнүү, аларды сын көз менен баалоо, дисциплиналардын ортосундагы байланышты колдонуу, ар түрдүү илимдердин жетишкендиктерин жаӊы билимдерди алууга колдоно билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу
ИК -1 Жаӊы билимдерди, билгичтиктерди өз алдынча кабыл алууга жөндөмдүү
КК - 3 Жаратылышты таануунун философиялык концепциясын жана илимий көз караштарды иштеп чыгууда жаратылышты таануучу илимдердин ордун түшүнө билет
ОН-2. Химиялык-экологиялык изилдөөлөрдө типтүү компьютердик технологияны колдонууга, илимий иш аракеттерде учурдагы химиянын колдонмо бөлүктөрүн чыгармачылык менен колдонууга жөндөмдүү.
ОН2 = ЖИК3 + ИК5 + КК5
ЖИК-3 Жаңы шарттагы билим берүүнүн жана информациялык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди алууда жогорку деңгээлдеги өз алдынча иштөө, колдонмо мүнөзгө ээ болгон жаӊы илимди белгилүү областа же эки илимдин кошулган жеринде түзүүгө, ишмердүүлүгүнө керектүү болгон маалыматтардын булактарын аныктоо жана табуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу
ИК -5 Көлөмдүү массалык-маалыматтар менен иштөөгө, заманбап эсептөөчү техникаларды колдонууга жана илим изилдөө иштеринде адистештирилген программалык камсыздандырууга жөндөмдүү
КК - 5 Илимий чыгармачылыктын методологиясын, азыркы кездеги химиянын эксперименттик методдорун, информациялык технологияларын билүүсү
ОН-3. Алган билимин жасалгалого, окууда жана кесиптик иш-аракеттерде, илим изилдөө иштеринин жыйынтыктарын интерпретациялоого жана сунуш кылууга катыша алат.
ОН3 = ЖИК2 + СИЖМК4 + КК1
ЖИК-2 Өздөштүрүлгөн теорияларды жана концепцияларды жыйнап, баалап, интеграциялоо, кесиптик маселелерди чечүүдө алардын колдонуу чектерин аныктоону билүү. Изилдөөнүн керектүү методдорун тандоого, конкретүү изилдөөнүн маселелеринини негизинде белгилүү болгон методдорду модификациялоо жана жаӊыларын иштеп чыгууга жөндөмдүү болуу
СИЖМК -4 Ден-соолукта жашоого, жаратылышты коргоого жана ресурстарды сарамжалдык менен пайдаланууга керек болгон өзүнүн алган билимин пайдалана билүү, өзүнүн ишмердиги менен башкаларга үлгү болуу жөндөмдүүлүгү
КК - 1 Химиянын фундаменталдык жана колдонмо бөлүмдөрүн түшүнөт жана аларды чыгармачылык менен пайдалана билет
ОН-4. Теориялык жана эксперименталдык химияянын бир кыйла актуалдуу проблемаларындагы илим изилдөө ишт еринин жыйынтыктарын интерпретациялоодо химиялык процесстердин ыкмаларын жана принциптерин, алардын илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн маанисин билет.
ОН4 = ЖИК5 + ИК4 + КК7
ЖИК - 5 Жаӊы идеяларды жаратып, өнүктүрүп, илимдеги, техника жана технологиядагы жаңы кубулуштардын социалдык-экономикалык, маданий жана кесиптик чөйрөгө тийгизген таасирин анализдеп жана баалай билүүгө жөндөмдүү болуу
ИК -4 Баарлашуунун бардык сферасында (анын ичинде маданияттар жана дисциплиналар аралык) коммуникативдик маселелерди коюп аларды чече билүү, ар кайсы булактардан алынган маалыматтарды алмашууну жөнгө салуу менен иштөөгө даяр болуу
КК - 7 Изилдөөлөрдүн методдорун тандоо, белгилүү методдорду модификациялоо жана берилген изилдөөлөрдүн маселелерине жараша жаӊы методдорду иштеп чыгууга жөндөмдүү
ОН-5. Заманбап компьютердик технологияны колдонуу менен химиялык маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу ыкмалары боюнча теориялык билимдерди пайдалана алат.
ОН5 = ИК2 + СИЖМК3 + КК8
ИК – 2 Илимий изилдөөлөрдү түшүндүрүүү үчүн жогорку деӊгээлде ооз эки сүйлөө жана жаза билүү зарылдыгы
СИЖМК -3 Жарандык демократиялык коомдун баалулуктарын өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды киргизүү, социалдык теӊдикти камсыздоо, активдүү жарандык позицияны кармоого жөндөмдүүлүгү
КК -8 Алынган жыйынтыктарды адабияттарды эске алуу менен анализдеп иштеп чыга билүүсү
ОН-6. Изилдөө иш аракеттеринин жыйынтарын берүүгө, эффективдүү пайдаланууга жана жарактуулугун баалоого, алган билимдерин колдонууга жөндөмдүү.
ОН6 = СИЖМК2 + КК4 + КК10
СИЖМК-2 Кесиптик жана социалдык ишмердигинде жалпы максаттарды аныктоо жана аларды сын көз менен баалоо, тандай билүү
КК – 4 Алган билимин жана ыктарын өз алдынча өздөштүрүүгө жөндөмдүү
КК - 10 Аткарылган иштин жыйынтыгын отчет, реферат, статья түрүндө алып чыгууга, көрсөтүүгө жана заманбап каражаттар аркылуу редакциялоо, басмага сунуштоо үчүн талаптарга ылайык жасалгалоого жөндөмдүү.
ОН-7. Химиялык изилдөө иштеринде практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин колдоно алат.
ОН7 = ЖИК4 + КК2 + КК6
ЖИК - 4 Өз алдынча же топтун курамында изилдөөнүн заманбап методдору жана техникасын колдонуу менен илимий издөөлөрдү жүргүзүү, колдонмо же изилдөөчү долбоорлорду түзүп, изилдеп, аларды өз алдынча ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу
КК -2 Илимий маалыматтарды өз алдынча анализдөө, фундаменталдуу проблемаларды табуу, адистешүү боюнча так берилген маселелерди чечүүдө заманбап аппараттар аркылуу химиялык лабораториялык изилдөөлөрдү аткаруу, иштин сапатына жана жыйынтыктардын илимий тактыгына жоопкерчиликтүү болуу жөндөмдүүлүгү
КК - 6 Илим-изилдөө жана педагогикалык ишмердигинде тереӊдетилген кесиптик билимди талап кылган маселелерди аныктап аларды чече билүү жөндөмдүүлүгү
ОН-8. Илим изилдөө иштеринин жыйынтыгы иреттештирүүдө, сунуштоого жана интерпретациялоого жөндөмдүү.
ОН8 = ИК6 + СИЖМК1 + КК9
ИК - 6 Уюштуруучулук-башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана алардын жыйынтыгын баалоо, белгисиз чөйрөнүн тобокелдигин эске алуу менен комплекстүү ишмердиктин пландарын иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү
СИЖМК -1 Коомдо кабыл алынган этикалык жана укуктук нормаларды, социалдык жана маданияттык айырмачылыктарды, кесиптик жана социалдык ишмердигиндеги проблемаларды чечүүгө пайдалана билүүгө жөндөмдүү
КК - 9 Заманбап информациялык технологияларды колдонуу менен библиографиялык ишти аткара билүүсү