“Зирек” БББдагы билим берүү (окуу формасы, окуу мөөнөтү)
ОшМУнун “Зирек” башталгыч билим берүү борборунда негизинен 1 -4 класстар окутулат, окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. (Окутуунун төлөмү 1 окуучу үчүн бир айына 5000 (беш миң) сом).
2017-2018- окуу жылында жыйынтыктоочу контингент боюнча жалпысынан 107 окуучу кийинки класска көчүрүлдү.
Социалдык коргоого муктаж балдар:
Майып балдары бар үй-бүлө: 1 (бир окуучу) , ал окуучу үчүн атайын жеңилдиктер каралган.
2018-2019-окуу жылында балдардын саны 170ге жетти.
Биздин негизги максат : Окутуу-тарбиялоо процессинде окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүүдө турмуш менен байланыштырып таанып-билүү ишмердүүлүгүн өстүрүү жана интерактвдүү оюн-психикасын, ишкер маанайга алмаштыруу , идеяларын эркин чагылдырып, активдүү болууга шарт түзүү.
Биздин мектепте билим берүү жана тарбиялоо чөйрөсүндө негизги үч принцип колдонулат жана окутуу мамлекеттик стандартка ылайык жүргүзүлөт:
1. Окуучунун таанып билүүсүн өнүктүрүү;
2. Сабаттуулукка үйрөтүү;
3. Окуучулардын табият тартуулаган жөндөм-шыктарын өстүрүү.
Бизде түзүлгөн жагымдуу шарттар:
Окуучуларыбыз эрте мененки саат 8:00дөн кечки саат 17:00ге чейин биздин карамагыбызда болот:
Саат 8:00дөн 8:25ке чейин окуучулардын күтүп алуу жана эрте мененки көнүгүүлөрдү жасатуу;
Саат 9:30-10:00 эрте менин тамактануу;
Саат 12:30-13:00 түшкү тамактануу;
Саат 13:00-13:30 таза абада эс алуу(балдарды ойнотуу);
Саат 14:00-14:45 балдардын жеке чыгармачылыгы жана кызыгуусу менен иш алып баруу (ИЗО,лепка);
Саат 14:45-15:00 түштөн кийинки тамактануу (полдник);
Саат 15:00-16:00 балдарга багытталган ийримдерге катыштыруу;
Саат 16:00-16:40 үй тапшырмаларын даярдатуу;
Саат 17:00 окуучуларды үйлөрүнө узатуу.
Окуучуларды ташуу транспорту уюштурулган
(ата-энелердин макулдугу менен).
Окуучуларга багытталган ийримдер:
Орус тили
Англис тили
Кытай тили
Хореография (бий жана музыкалык ийрим)
Комуз
Шахмат
Таэквондо
ИЗО (сүрөт жана искусство ийрими)