Окуу системасы

ОКУУ СИСТЕМАСЫ

Окуучулар сынактын негизинде кабыл алынат. Сынак 7-класстын программасында окутулган тарых, кыргыз тили жана адабияты, математика сабактарынын негизинде тест түрүндө болот.

«Кара-Кулжа» гимназиясында окуу процесси келишимдик негизде жүргүзүлѳт.

Гимназияда окуучулар үчүн акысыз жатакана берилет. Жатакана кыздар жана балдар үчүн эки бөлүккө бөлүнүп, кыз балдар үчүн 1, эркек балдар үчүн 1 тарбиячы дайындалган. Тарбиячылар окуучулардын сабактарына жакындан көмөк көрсөтүшөт. Туура тамактануусун, тазалыгын көзөмөлдөп турушат.

2018-2019-окуу жылынын башында гимназияга8,9,10,11-класстын окуучулары кабыл алынган.