Окуучулар сынактын негизинде кабыл алынат. Сынак 7-класстын программасында окутулган тарых, кыргыз тили жана адабияты, математика сабактарынын негизинде тест түрүндө болот.
Ноокат гимназиясында окуу процесси келишимдик негизде жүргүзүлѳт.
Гимназияда окуучулар үчүн жатакана жана 4 маал тамак-аш берилет.
Жатакана кыздар жана балдар үчүн эки бөлүккө бөлүнүп, кыз балдар үчүн 1, эркек балдар үчүн 1 тарбиячы дайындалган. Тарбиячылар окуучулардын сабактарына жакындан көмөк көрсөтүшөт.
2018-2019-окуу жылынын башында гимназияга 8-9-10-11-класстын окуучулары кабыл алынган. Окуучулардын саны 40 окуучуну түзүп, 4 класс комплект болгон.
Азыркы күндѳ окуучулардын жалпы саны 40 окуучуну түзүп, 4 класс комплект бар.
Бүтүрүүчүлөргө 11-классты бүткөндүгү тууралуу аттестат берилет.