Кафедранын профориентациялык иштери
2019-жыл 27-апрель. Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде "Билим" майрамы өтүүдө. Ар кайсы аймактардан келген абитуриенттер кесипти туура тандоо үчүн Ош МУнун адистиктери менен кеңири таанышып жатат. ИТАС кафедрасы дагы бул майрамга активдүү катышып, келген конокторго өзүбүздүн адистиктерибиз жөнүндө кенен маалымат берип жатабыз. Өзүбүздүн студенттерибиздин колунан жасалган роботетехника жаатындагы "Акылдуу үй" кичи маркетин, ЭКГ аппараттарын көргөзмөгө коюп, келген коноктор кызыгып сурап жатышты.



2019-жылдын 22-апрель күнү ИТАС кафедрасынан Саданов Абдибек, Сулайманов Адыл, Кудуев Алтынбек агайларыбыз Ош шаарындагы Ч. Айтматов атындагы мектепке барып, бүтүрүүчү класстарга Ош мамлекеттик университети, Математика жана информациялык технологиялар факультети жана андагы адистиктер жөнүндө жалпы маалымат беришип, абитуриенттерди кесипти туура тандоо тууралуу маалыматтарды берип келишти. Муну менен катар Ош МУнун, МИТ факультетинин жана ИТАС кафедрасынын буклеттерин таркатышып, 27-апрелде боло турган "Билим" майрамына чакырууларды да берип келишти.


18-апрель МИТ факультетинин ИТАС кафедрасынын улук окутуучулары Г.Cейитказыева, А. Ажибекова, Р. Ойчуева, Н. Адилбекова Кара-Суу районунун №56 Кең-Сай орто мектебине кесипке багыт берүү боюнча барып, бүтүрүүчү класстарга Ош мамлекеттик университети, математика жана информациялык технологиялар факультети жана андагы адистиктер жөнүндө жалпы маалымат беришти. ОшМУнун, МИТ факультетинин жана ИТАС кафедрасынын буклеттерин тарткатышып 27-апрель күнү болот турган “Билим майрамына” чакыруу буклеттерин да берип келишти. Кесипке багыт берүү боюнча сапар эми Өзгөн районуна болмокчу. Роза в моём саду


Бүгүн Автоунаа кафедрасынын башчысы, т.и.к.,доцент,Ж.Турсунбаев ИТАС кафедрасынын башчысы,ф-м.и.к.,доцент,М.Чамашев жана Компьютердик борбордун инженер-программисти Эсенбек уулу Сүйүнбек агайлар баштаган жетекчилик топ Кара-Суу районунун Н.Курпская атындагы орто мектепке проферентациялык иштер боюнча окуучулар жана мугалимдер тобу менен жолугушуу өткөрүп келишти.


Проферантациялык иштер 2012-2013-окуу жылынан баштап Математика жана информациялык технологиялар факультетинин ИТАС кафедрасынын АСОИУ ПОВТАС адистиктеринин 1-курсуна “Бакалавр” системасы боюнча студенттерди төмөнкү багыттар менен кабыл алынууда. 1). 710100. Информатика жана эсептөө техникасы (негизги тест, математика же физика). Төмөнкү профилдер боюнча кабыл алынат: • «Эсептөө техникаларын жана автомат-таштырылган системаларды программалык жабдуу» (ПОВТАС – Программное обеспечение вычислительной техники и автоматизированных систем); • «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган систе-малары» (АСОИУ – Автоматизированные системы обработки информации и управления) 2016-2017-окуу жылынан баштап биздин адистиктин орто кесиптик билим берүү "Колледж" системасы боюнча студенттерди кабыл алууда. 2). 220206. Информатика жана эсептөө техникасы Төмөнкү профилдер боюнча кабыл алынат: «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган систе-малары» (АСОИУ – Автоматизированные системы обработки информации и управления) 3).2017-2018-окуу жылынан баштап «Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия» орусчасы « Информатика в здравоохранения и биомедицинская инженерия» багыты боюнча студенттерди кабыл алууда.