Практика студентов
Экскурсия по горе «Сулайман-Тоо» для первокурсников 6-апреля, 2020-2021г учебного года, по предмету «Сервисная деятельность» во время занятия провели экскурсию для группы Мет (б)-20 а также участвовали преподаватели кафедры «МПБиТ» Жолдубаева С. Т., Дыйканбаева У.Т, где группа Мет (б)-19 (второй курс) были гидами- экскурсоводами и провели экскурсию на уровне. Экскурсия была очень познавательная, посетили Домик Бобура, музей Сулайман-Тоо , исторические и священные места на горе.


Экскурсия по горе «Сулайман-Тоо» для иностранцев - первокурсников из Узбекистана 9-апреля, 2020-2021г учебного года, для развития навыков по туризму группа Мет-(б)-19 вместе с преподаватели кафедры «МПБиТ» Жолдубаева С. Т., Дыйканбаева У.Т, провели экскурсию для иностранных студентов КЕФ из Узбекистана с целью ознакомления Истории и культуры города Ош. Экскурсия была очень познавательная и интересная. Гостям понравилась Домик Бобура, музей Сулайман-Тоо , исторические и священные места на горе.


Экскурсия по Узгенский минарет. Мавзолеи Караханидов Группа Мет (б)-18, 12-апрель, 2021г. с целью ознакомлению культурно- историческими достопримечательностями КР, посетили Узгенский минарет, высота которого составляет около 27,5 м, был построен в начале XII в, когда город являлся столицей государства Караханидов и напоминал знаменитую башню Бурана. Он тоже состоит из трех частей: снизу восьмигранный цоколь высотой около 5 м; средняя часть - суживающийся цилиндр; верхняя часть - фонарь с куполом и окнами в виде арок, надстроенный в 1923-1924 гг. Узгенский минарет выстроен из жженого кирпича разнокалиберных размеров, которые ажурной кладкой уложены в несколько орнаментальных поясов. Орнамент узгенского минарета причудливее буранского.


КЕФтин практикаларды уюштуруу боюнча меморандумдары, келишимдери

Меморандумы по практику

Догрворы по практику


Практикаларды уюштуруу боюнча ЖОБО ( атайын орто жана бакалавр деңгээлиндеги педагогикалык эмес адистиктеринин билим берүү программалары үчүн ) Ош – 20 18 Ош мамлекеттик университетинин № 24-бюллетени. Практикаларды уюштуруу боюнча жобо (атайын орто жана бакалавр деңгээлиндеги педагогикалык эмес адистиктеринин билим берүү программалары үчүн) – Ош: ОшМУ. Билим, 2015. – 24 б. ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2015-жылдын 2-мартындагы №4-жыйынында кабыл алынган жана ОшМУнун ректорунун 2015-жылдын 10-мартындагы №178-буйругу менен бекитилген. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу 2018-жылдын 5-мартындагы №5 жыйында кабыл алынып, ОшМУнун ректорунун 2018-жылдын 12-мартындагы №211-буйругу менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-мартындагы №92 “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, 2016-жылдын 29-июндагы толуктоолор. КР өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53 токтому, 2016-жылдын 11-апрелиндеги өзгөртүүлөр жана толуктоолордун негизинде, бул жободо ОшМУда өткөрүлүүчү практикалар жөнүндөгү жалпы түшүнүктөр каралып, бакалавр багытындагы студенттер үчүн практиканы уюштуруу жана жетекчиликти жөнгө салуу, практиканын программасын түзүү маселелери, эсеп-кысап боюнча иш кагаздарына коюлуучу талаптар боюнча көрсөтмөлөр берилген. Жободо көрсөтүлгөн талаптар бакалавр багытындагы күндүзгү жана дистанттык окуу бөлүмдөрүндө (атайын орто жана бакалавр деңгээлиндеги педагогикалык эмес адистиктеринин билим берүү программалары үчүн) окуган студенттер үчүн (билим алуунун формаларынан көз карандысыз) милдеттендирилет. © Ош мамлекеттик университети, 2018 Мазмуну 1. Жалпы жоболор 2. Практикалардын түрлөрү 3. Практиканын мазмуну 4. Практиканын максаты жана милдеттери 5. Практиканын программасынын структурасы 6. Практиканы уюштуруу 7. Функционалдык милдеттер 7.1. ОшМУнун Өндүрүштөр менен байланыштар департаменти 7.2. Факультет, колледждердеги практика боюнча жетекчи 7.3. Кафедра башчысы жана кафедра боюнча практика жетекчиси 7.4. Практика жетекчиси – бүтүрүүчү кафедранын мүчөсү 7.5. Практиканын базасы болуп эсептелинген ишкана жана мекеме 7.6. Ишкана-мекемелердеги студентердин практика боюнча жетекчиси 7.7. Практиканы өтөө учурундагы студенттин милдеттери 8. Практиканын иштерин жыйынтыктоо 8.1. Практиканын күндөлүгү 8.2. Практика боюнча отчет 9. Тиркемелер1-20 10. Колдонулган адабияттар 1. Жалпы жоболор 1. Ош мамлекеттик университетинин атайын орто жана бакалавр деңгээлиндеги билим берүү программаларын окутуунун баардык түрлөрүндө окуган студенттер үчүн өткөрүлүп жаткан практикалар, адисти даярдоодогу кесиптик компетенцияларды калыптандыруучу окуу процессинин формасы катары каралат. 2. Практикалардын көлөмү жана түрлөрү жогорку жана атайын кесиптик билим берүү багыттары жана адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарында белгиленген талаптардын негизинде бекитилет. 3. Практиканын максаттары жана милдеттери тийиштүү окуу–усулдук бирикмелер тарабынан (ОУБ) жана жогорку жана орто кесиптик билим берүү тарабынан сунушталган практиканын программалары аркылуу бекитилет. 4.Факультеттерде жана колледждерде адистештирилген кафедралар тарабынан адистиктерди даярдоонун өзгөчөлүктөрүнө жараша баардык практикаларды өткөрүү боюнча жумушчу программалар, силлабустар даярдалат жана кафедра, окуу-методикалык кеңештин макулдугу менен бекитилет. 2. Практикалардын түрлөрү Университеттеги практикалардын негизги түрлөрүнүн багыттары, адистиктердин окуу пландарына ылайык аныкталат. Алардын негизгилери болуп окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана дипломго чейинки квалификациялык практика эсептелинет. 2.1.Окуу-таанышуу практикалары теориялык билиминин негизинде алгачкы кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу максатында, адистиктердин өзгөчөлүгүнө ылайык университеттин материалдык-техникалык базасындагы түрдүү шарттарда (өндүрүштүк мекемелерде, университеттин лабораторияларында, борборлорунда) уюштурулат. 2.2.Өндүрүштүк практика окутуу ишмердүүлүгүндө түздөн-түз студенттердин практикалык көндүмдөрүнө багытталган. Адистиктерди даярдоо боюнча жалпы маданий жана кесиптик компетенттүүлүгүн иш жүзүндө уюштуруунун конкреттүү материалдардын негизинде айрым милдеттерди ишке ашырууда кесиптик көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган. Кесиптик жана орто билим берүүнүн багытына жана адистигине жараша өндүрүштүк мекеме уюмдарда өткөрүлөт. 2.3.Дипломго чейинки квалификациялык практика окутуунун жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелинет жана ал студенттер тарабынан окутуунун теориялык, практикалык программасын толук өздөштүрүлгөндөн кийин адистигине жараша өндүрүштүк мекеме уюмдарында гана өткөрүлөт. 3. Практиканын мазмуну Практиканын бардык түрлөрү атайын орто жана бакалавр деңгээлиндеги кесиптик адистерди даярдоого тиешелүү болгон талаптардын негизинде, студенттердин кесиптик даярдыгына багытталып, алынган билимдерин кесиптик компетенцияга калыптандыруу жана улам өрчүүсүн камсыздоого багытталат. 4. Практиканын максаты жана милдеттери · студенттердин адис катары калыптануусуна жана кесиптик компетенцияларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө алардын теориялык окутуу процессинде алган билимдерин, шык жөндөмдөрүн өстүрүү, көндүмдөрүн тереңдетүү жана практикалык тажрыйбага, инструменталдык жана кесиптик компетенцияларга ээ болуусун өркүндөтүү; · мотивациялык алкактагы кесиптик нормага ээ болуу: тандалып алынган кесиптик-мотивдик жана рухий баалуулуктарды калыптандыруу; · кесиптик милдеттерди (проблемаларды) аткаруу багытындагы технологияларды өздөштүрүү, ыкмалар менен таанышуу жана аларды үйрөнүү; · ишканалар, мекемелердеги практикалык базаларда маркетингдик ишмердүүлүк менен жаңычыл иш алып барууга көнүгүү; · кесиптик ишмердүүлүктүн түрдүү жактарын окуп үйрөнүү: өндүрүштүк, социалдык, укуктук, психологиялык, медициналык, техникалык, технологиялык, экономикалык, ж.б. 5. Практиканын программасынын структурасы Практиканын программасы билим берүү программалары менен мамлекеттик стандартына жана адистиктери боюнча мамлекеттик стандарттардын талаптарына, негизги билим берүү программасынын талаптарына, университеттин окуу-өндүрүштүк базаларынын жана базалык ишкана-мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша түзүлөт. Практиканын жумушчу программасы төмөндөгүдөй структуралык элементтерди өз ичине камтыйт: 1. Жумушчу программанын т итулдук баракча сы ; 2. Жумушчу программанын аннотациясы; 3. Практиканын түрлөрүнө ылайык максаттары; 4. Практиканын түрлөрүн өздөштүрүү процессинде калыптандырылуучу компетенциялар жана окутуу натыйжалары; 5. Дисциплинанын НББПдагы орду; 6. Практиканын компетенциялар картасынын темаларда (бөлүмдөрдө) берилиши; 7. Дисциплинанын технологиялык картасы; 8. Отчеттун титулдук баракчасы; 9. Отчеттун түрлөрү; 10. Окуу-усулдук жана маалымат менен камсыздоо; 11. Программалар жана маалымат менен камсыздоо; 12. Материалдык-техникалык жактан камсыздоо; 13. Календардык-тематикалык иш пландын графиги; 14. Жекече тапшырмалар; 15. Практиканын түрлөрүнө тиешелүү НББПнан көчүрмө берилгендигин аныктоо; 16. НББПнын ОНдору менен практиканын ОНдорунун дал келүүсү; 17. Баалоо критерийлери; 18. Багыттама; 19. Күндөлүктүн титулдук баракчасы; 20. Мүнөздөмөнүн үлгүсү; Жогорудагы тиркемелердин айрымдарына кыскача түшүндүрмөлөр берилет. Практиканын жумушчу программасынын титулдук баракчасы 1-тиркеменин негизинде, ал эми жумушчу программанын аннотациясы 2-тиркеменин негизинде толтурулат (тиркемени карагыла). Киришүү бөлүгүндө төмөндөгүдөй мүнөздөгү маалыматтар берилет: · Багыттарга жана адистиктерге тиешелүү болгон практиканын түрлөрү, алардын өзгөчөлүктөрү, максаты жана милдеттери; · Багыттар жана адистиктер боюнча мамлекеттик стандарттарда практика мезгилинде билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүү жана калыптандыруу боюнча коюлган талаптар; · Практиканы өткөрүүгө белгиленген мөөнөттөр; · Студент - практиканттын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу (регламент) талаптар. Календардык-тематикалык иш пландын графигинде практика учурунда аткарылуучу тапшырмалардын тематикасы, аткаруу мөөнөттөрү (күнү, сааты) жана студентке берилүүчү максималдык баллдын өлчөмү көрсөтүлүшү керек. Графиктин сунушталган формасы 13-тиркемеде берилген. Изилденүүчү темалардын мазмуну бөлүгүндө студент-практикант үчүн ар бир тема боюнча жалпы тапшырмалар жана аны аткаруу боюнча көрсөтмөлөр берилет. Ар бир ишкана-мекеменин өзгөчөлүгүнө жараша жекече тапшырмалар көрсөтүлөт. Жалпы жана жекече тапшырмалар практика жетекчиси жана өндүрүштөгү жетекчилер тарабынан макулдашылып берилет жана көзөмөлдөнөт (14-тиркемелер). Баалоо AVN маалымат системасына ылайык жүргүзүлөт. Жалпы максималдык балл 100гө барабар. Студенттердин практика учурундагы иш-планды аткаруусун көзөмөлдөө эки модулга бөлүнөт. Ар бир модул 30 балл менен бааланат. Жекече тапшырмалар – 15 балл, отчеттун (мазмуну, жасалгаланышы, презентациясы) – 15 балл, ишкана тарабынан берилген мүнөздөмө 10 балл менен бааланат. Баалоо критерийлери 17-тиркемеде берилген. 6. Практиканы уюштуруу 6.1.Практикаларды уюштуруудагы талаптар кесиптик жогорку жана атайын орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын негизинде түзүлөт жана ар бир конкреттүү багыт жана адистик боюнча факультеттердеги (колледждердеги) студенттердин практикасы жөнүндөгү жумушчу программалар силлабустар менен такталат. 6.2.Практикаларды уюштуруу бекитилген окуу жүктөмдөрдүн графиги боюнча, кафедралардын, декандардын, директорлордун билдирүүсү, өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин макулдугу, ректордун буйругу менен келишими бар өндүрүштүк мекемелерде жүргүзүлөт. 6.3. Окуу-таанышуу практикалары алгачкы кесиптик көндүмдөр менен ыкмаларга калыптандыруу максатында, адистиктердин өзгөчөлүгүнө ылайык университеттин материалдык-техникалык базасындагы түрдүү шарттарда (өндүрүштүк мекемелерде, университеттин лабораторияларында, борборлорунда) уюштурулат. Окуу-таанышуу практикаларынын жетекчилигине бүтүрүүчү кафедраларында саат жүктөмдөрү бар окутуучулары дайындалат. Өндүрүштүк жана квалификациялык практикалар ишкана-мекемелерде, багытка байланышкан лабораторияларда жана башка базаларда өткөрүлөт. 6.4.Практиканын башталышына чейин факультеттердин, колледждердин практика боюнча жооптуу кызматкери жана бүтүрүүчү кафедралар студенттер үчүн багыт берүүчү семинар-кеңешме өткөрүшөт. 6.5.Практикага студенттерди жөнөтүү боюнча жумушчу иш кагаздары (билдирүү, буйрук) практика башталышына 10 күн калганга чейин даярдалып, ректоратка кол коюуга берилет. 6.6.Практикаларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү багыттар жана адистиктердин окуу пландарынын жана окуу процессинин календардык графиктеринин негизинде белгиленет. 6.7. Алыскы район шаарлардагы жана чет элдеги мекеме ишканаларда жүргүзүлгөн практикалар онлайн аркылуу өткөрүүгө да болот (кафедранын макулдашуусу менен). 6.8. Практика өтөө мезгилинде студенттер ваканттык кызмат орундарга дайындалышы мүмкүн. Штаттык орунга кабыл алынган студенттердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана студент менен ишкананын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде төлөнөт. 6.9.Практика жетекчилеринин окуу жүктөмдөрү бекитилген окуу жүктөмүнүн нормалары боюнча белгиленет. 6.10.Ишкана-мекемелердеги практика өтөп жаткан студенттердин жумушчу күнү алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жүргүзүлөт (КРнын Эмгек Кодексине ылайык): -15 жаштан 16 жашка чейинки студенттер жумасына 24 саатка чейин; -16 жаштан 18 жашка чейинки студенттер жумасына 36 саатка чейин; -18 жаштан жогорку студенттер жумасына 40 саатка чейин эмгектенишет. 6.11.Практиканын уюштурулушун жана өткөрүлүшүн анализдөө, жалпылоо жана сапатын жогорулатуу максатында факультеттердин, колледждердин практика боюнча жооптуу кызматкери жана бүтүрүүчү кафедралар жыйынтыктоочу конференцияларды уюштурушат. 6.12.Практиканын жүрүшүн көзөмөлдөө максатында практикага жетекчилик кылган кафедранын окутуучуларынын аткарган жүктөмдөрү тайпалык журналдарга катталышы милдеттендирилет. 7. Функционалдык милдеттер 7.1. Ош МУнун өндүрүштөр менен байланыштар департаменти 1. Педагогикалык эмес адистиктеринин практикаларынын өткөрүүсүнүн графигин түзүү жана бекиттирүү; 2. Окуу пландарына ылайык практиканын сааттарын пландоого жана аткарылышын кафедралар жана ОМД менен биргеликте көзөмөлдөө; 3. Практиканын окуу-үйрөнчүк, талаа, өндүрүштүк, квалификациялык түрлөрүн уюштуруу. 4. Бекитилген практиканын жобосуна өнөктөштөрдүн талаптарын карап, өзгөртүүлөрдү киргизүү; 5. Мекеме - ишканалар менен келишимдерди түзүү жана келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү; 6. Практикалык эсеп-кысаптарды талдоо жана ар түрдүү практикаларды уюштуруунун жолдорун жакшыртууну сунуштоо; 7. Факультет, колледждердеги адистиктерине ылайык иш берүүчүлөр менен иш алып баруусун уюштуруу; 8. Факультеттердеги инструктаж берүүчү жана жыйынтыктоочу конференцияларын өткөрүү жана катышуу; 9. Өндүрүшкө практикалардын жумушчу программаларын, графиктерин алдын ала сунушталып макулдашуу иштерин уюштуруп иш алып барат. 10. Практиканын сапатын жакшыртуу максатында факультеттерде жана колледждерде атайын семинарларды уюштуруп өткөрүү; 11. Алыскы жана жакынкы район шаарлардагы өндүрүштүк мекеме- ишканаларда жүрүп жаткан практикаларды өтүүсүн көзөмөлдөө жана окутуучулардын кызмат сапарларын уюштуруу; 12. Практикалардын жылдык чыгымдарынын түзүлүүсүн уюштуруу жана жыйынтыктары боюнча отчетторун кабыл алуу; 13. Өндүрүшкө бөлүнгөн ваканциялык сааттардын бөлүнүшүн жана өндүтүштөгү жетекчилерге төлөнүүсүн, кафедра башчылары менен макулдашуу жана көзөмөлдөп уюштуруу 7.2. Факультеттердеги жана колледждердеги практика боюнча жетекчи · Факультеттеги багыттар жана адистиктер боюнча окуу-таанышуу, өндүрүштүк, дипломго чейинки квалификациялык ж.б. багытта өткөрүлүүчү практикалардын иш чараларын жөнгө салуу менен, практикага тиешелүү болгон ректордун көрсөтмөлөрүнүн, буйруктарынын жана өндүрүштөр менен байланыштар департаменти тарабынан берилген сунуштардын жана тапшырмалардын негизинде иш алып барат; · Жаңы окуу жылында өткөрүлүүчү студенттердин практикасынын графигин түзөт жана аны «Өндүрүштөр менен байланыштар» департаментине тапшырат; · Практикаларды өткөрүүгө карата жумшалуучу каражаттардын жалпы чыгымдарын түзүүгө катышат; · Практика өткөрүлүүчү базаларга студенттерди бөлүштүрүү боюнча кафедралардын билдирүүлөрүн кабыл алып, факультет боюнча ректордун атына билдирүү жана буйруктун проектисин даярдайт; · Келишим түзүлгөн мекеме уюмдарга практиканын графигин, жумушчу программаларын алдын ала сунуштап макулдашуу иштерин жүргүзөт; · Өндүрүштөр менен байланыштар департаменти менен биргеликте практика өткөрүү боюнча ишкана-мекемелер менен келишимдерди түзүү боюнча иш чараларды жүргүзөт; · Практиканттарды ишкана-мекемелерге өз убагында жөнөтүлүшүнө көзөмөл жүргүзөт; Практикага тиешелүү болгон материалдар менен кафедраларды камсыздоо иштерин уюштурат; · Практика боюнча багытточу жана жыйынтыктоочу конференцияларды уюштуруп өткөрөт; · Практиканын жыйынтыктары боюнча кафедралардын отчетторуна анализ жүргүзүп, факультет,колледж боюнча өндүрүштөр менен байланыштар департаментине отчет берет. Факультеттин, колледждин Окумуштуулар Кеңешине практика маселелери боюнча отчет берет жана чечимдердин долбоорун даярдайт; · Өндүрүштөр менен байланыштар департаменти тарабынан өткөрүлгөн жыйындарга катышат. 7.3. Кафедра башчысы жана кафедра боюнча практика жетекчиси · Жаңы окуу жылында студенттерди практикадан өткөрүү боюнча ишкана-мекемелер менен келишимдерди тактап, практиканы өтөө боюнча жумушчу программаларды жана календардык графиктерди алдын ала макулдашуу иштерин жүргүзүшөт; · Кафедрадагы практика жетекчиси жалпы практикаларды уюштурат; · Практикадагы саат жүктөмдөрдү тажрыйбалуу, тиешелүү өндүрүштү өздөштүрө билген кафедранын мүчөлөрүнө бөлүштүрүшөт; · Практика өтүүчү группалардын студенттери үчүн практиканын максаты, мөөнөттөрү, практиканын программасы, күндөлүктү толтуруу жана отчеттуулук боюнча семинар өткөрүшөт; · Практика башталарына 10 күндөн кем эмес убакытта практикага чыгуучу студенттерди практика өтүлүүчү жерлерге бөлүштүрүп, студенттерди практикага жөнөтүү жана практика жетекчилерин дайындоо жөнүндө иш кагаздарын факультет, колледж боюнча практика жетекчисине даярдап беришет; · Практиканттарды практиканын программалары, күндөлүктөрү, жалпы жана жекече тапшырмалар менен камсыз кылышат; · Медициналык адистиктерде практикага жөнөтүлүп жаткан студенттерди медициналык кароодон өткөрүүнү уюштурушат; · Практиканы өткөрүүгө тиешелүү болгон иш берүүчүлөр менен практиканын уюштурулушуна, сапатына жана мөөнөттөрүнүн сакталышына көзөмөл жүргүзүшөт; · Практиканын жыйынтыгында практиканттардын ишин баалоону уюштурушат жана комиссиянын курамында баалоо процессине катышышат; · Окуу жылынын жыйынтыгында практика боюнча отчет колледж, факультеттердин практика боюнча жетекчисине тапшырылат. 7.4. Практиканын жетекчиси – бүтүрүүчү кафедранын мүчөсү · Практика башталганга чейинки мөөнөттө ишкана-мекемелерге студент – практиканттарды жөнөтүү боюнча даярдык иштерин жүргүзөт (практиканын максаты, мөөнөттөрү, практиканын программасы, күндөлүктү толтуруу жана отчеттуулук боюнча семинарлар, жекече консультациялар, практика учурунда эмгек тартибин жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча инструктаждар); Дипломго чейинки квалификациялык практика окутуунун жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелгендиктен, кафедра тарабынан дипломдук иштердин темалары такталып, практикасы өндүрүштүк мекеме уюмдарында гана өткөрүлөт; · Студент-практиканттарды практиканын программалары жана күндөлүктөр менен камсыздалышына түздөн түз жооптуу; · Практика өткөрүлүүчү базаларга практикалардын жумушчу програмаларын, графиктерин алдын ала факультет, колледждердин практика жетекчлери менен биргеликте сунуштайт жана саат жүктөмдөрү бар окутуучулар менен студенттерди жайгаштыруу иштерине катышат; · Ишкана-мекемелерде студенттердин эмгектенүүсүнө болгон шарттардын түзүлүшүнө жана студенттер үчүн эмгек тартибин жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инструктаждарды өткөрүлүшүнө көзөмөл жүргүзөт; · Практиканттар тарабынан мекемелердеги жана ишканалардагы ички тартиптин сакталышына жана практиканын программасынын аткарылышына жардам берет; · Практика боюнча студенттерден сынак алуу боюнча комиссиянын иштерине катышып, практика боюнча студенттердин жыйынтык конференциясын уюштурат; · Студенттердин практика боюнча эсеп – кысап иштерин карап чыгып, алардын иш аракеттерине талдоо жүргүзүп, өзүнүн эсеп кысабын жана студенттердин практикалык даярдыгын өркүндөтүү боюнча сунуштарын кафедра боюнча практика жетекчисине тапшырат; · Жекече тапшырмалардын тематикаларын иштеп чыгып, студенттер тарабынан алардын аткарылышы боюнча методикалык кеңештер жана жардамдарды уюштуруп, ошондой эле курстук жана квалификациялык иштер боюнча материалдарды жыйноого көмөк көрсөтөт; 7.5. Практиканын базасы болуп эсептелинген ишкана жана мекеме Ош МУ менен түзүлгөн келишимдин, практиканын жобосунун программасынын негизинде практиканттарды кабыл алат жана уюштурулат; · Ишканалар менен мекемелердеги өткөрүлүп жаткан практикаларга кафедралар тарабынын сунушталган жумушчу програманын негизинде жетекчилике алган, жогорку квалификацияга ээ болгон кызматкерлер дайындалат; · Практиканы өткөрүү мезгилинде студенттердин адистик боюнча билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн жана компетенцияларын калыптандырууга жана өркүндөтүүгө зарыл болгон шарттарды түзүп берет; · Университет менен алдын ала макулдашылган практиканы өткөрүүнүн календардык графиктерин сактоого милдеттенет; · Студент–практиканттарга мекемедеги лабораторияларга, мастерскойлорго, өндүрүштүк бөлүмдөргө кирүүгө, техникалык, финансылык, юридикалык ж.б. документтер менен таанышууга, ошондой эле окуу, илимий, техникалык адабияттар менен китепканалардан пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берет; · Студент–практиканттарга коопсуз иш жүргүзүү максатында эмгек шарттарын жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инструктаждарды өткөрөт. Керектүү учурларда иш жүргүзүүнүн коопсуз усулдарын үйрөтөт. Практика учурунда болуп өткөн кокустуктар боюнча университеттин жана ишкана, мекемелер тарабынан биргелешкен комиссия кокустукка байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүшүп, жыйынтыктарын жетекчиликке билдиришет; · Ишканалар менен мекемелер тарабынан белгиленген ички эмгек тартибин студенттер тарабынан сакталышына көзөмөл жүргүзөт; · Тартип бузган студент-практиканттарга чара көрүп, бул тууралуу факультетке билдирүү жөнөтөт. 7.6. Ишкана-мекемелердеги студенттердин практика боюнча жетекчиси · Өндүрүштөгү, бөлүмдөгү, лабораториядагы, ж.б. өткөрүлүүчү практиканын жетекчилигине тажрыйбалуу адистерди белгилейт; · Эмгек тартибин жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инструктаждарды өткөрөт; · Практиканттар тарабынан эмгек тартибинин сакталышын көзөмөлгө алат; · Ишкана жана мекеменин жетекчилигине практиканын уюштурулушу жана өткөрүлүшү боюнча эсеп – кысап иштерин жүргүзөт; · Технологиялык процесстерди башкаруу, колдонулуучу жабдууларды, техникалык каражаттарды колдонуу, өндүрүштүн экономикасын уюштуруу, документацияны жүргүзүү боюнча тааныштыруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт; · Практиканттардын өндүрүштүк иштерине дайыма көзөмөл жүргүзүп, тиешелүү иш орундарындагы аткарылуучу тапшырмаларды туура аткарууга көмөктөшөт жана иштерди аткаруунун алдыңкы усулдары менен тааныштырып, өндүрүштүк маселелер боюнча консультацияларды өткөрөт; · Практиканттын күндөлүгү аркылуу эсеп–кысап иштерин жүргүзүүгө көзөмөл жүргүзүп, студент–практикант тарабынан жекече тапшырмаларды жана практиканын программасынын аткарылышы жөнүндө мүнөздөмө даярдайт. · Студент практикада адис катары кайсы компетенциялар аркылуу калыптана тургандыгын, ал компетенцияларга багытталган тапшырмалардын иш пландарын иштеп чыгып практикант менен иш жүргүзөт. 7.7. Практиканы өтөө учурундагы студенттин милдеттери Практиканы өтөө учурунда студенттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү: · Практиканын программасында каралган жалпы жана жекече тапшырмаларды, көрсөтүлгөн иш чараларды аткарууга; · Ишкана-мекемелердеги жана уюмдардын ички эмгек тартиптерин толугу менен сактоого; · Санитардык, техникалык жана өндүрүштүк коопсуздук эрежелерди окуп үйрөнүүгө жана аларды сактоого; · Штаттык кызматкерлердей эле аткарылган иштин жана анын натыйжаларына жооп берүүгө; · Практиканын жетекчисине күндөлүктү көзөмөлдөө үчүн көрсөтүүгө, берилген тапшырмалардын аткарылгандыгы тууралуу жазуу түрүндөгү эсеп–кысапты тапшырууга. 8. Практиканын иштерин жыйынтыктоо 8.1. Практиканын күндөлүгү Практика убагында студент ишкана-мекемедеги өзү үчүн жаңылык болгон байкоолорун, практиканын программасы, жалпы жана жекече иштердин тапшырмалары боюнча аткарган иштерин, практиканын жыйынтыгы боюнча отчетту (эсеп-кысапты) жазуу үчүн керектүү материалдардын кыскача мазмунун практиканын күндөлүгүнө жазат. 8. 2 . Практика боюнча отчет 8.2.1. Студент–практикант практика бүткөндөн кийин 10 күндүк мөөнөт ичинде төмөнкү документтерди кафедрадагы практика жетекчисине тапшырат: 1). Практиканын календардык-тематикалык иш планынын графигинин көчүрмөсү (13-тиркеме); 2). Жекече иштердин тапшырмаларынын көчүрмөсү (14-тиркеме); 3). Практиканын күндөлүгү (19-тиркеме). 4). Ишкана-мекеме тарабынан берилген мүнөздөмө (кол коюлуп, мөөр басылган, 20-тиркеме); 5). Берилген тапшырмалар боюнча отчет жана тиркемелер; 8.2.2. Отчетто (эсеп–кысапта) студенттин практика мезгилиндеги календардык- тематикалык график боюнча, жалпы жана жекече тапшырмалар жана башка конкреттүү иштердин аткарылгандыгын жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт. 8.2.3.Практикант-студенттин отчутун кабыл алууда жана коргоодо, факультеттин, колледждин практика жетекчилери сунуштаган комиссиянын курамы түзүлүп, кафедра тарабынан бекитилет. (комиссиянын курамына буйруктагы окутуучулар, профессорлор, доценттер, мүмкүнчүлүгүнө жараша мекеме ишканалардын өкүлдөрү кошулат) 8.2.4.Практиканын жыйынтыгын баалоо алдын ала белгиленген критерийлер боюнча (17-тиркеме) комиссиянын чечиминин негизинде практикантка балл (максимум 100 балл) ыйгарылып, сынак баасы коюлат. Студенттердин практика боюнча иштерин баалоо учурунда, ишкана-мекемелердеги практика боюнча жетекчилери тарабынан берилген мүнөздөмөлөр эске алынат (20-тиркеме). 8.2.5.Сырттан (кечки) окуу формасында окуган жана өзүнүн тандап алган кесибинин профили боюнча иштеп жаткан студенттер өзү иштеген ишканада, мекемеде практикадан өтө алат жана иштегендиги жөнүндө аныктаманы практика жетекчисине тапшыруу менен жалпы жана жеке тапшырмалардын аткарылышы боюнча жазуу түрүндөгү отчетту гана тапшырат. 8.2.6.Практиканын жыйынтыктары факультеттердеги жалпы же адистиктер боюнча өткөрүлүүчү илимий практикалык конференцияларда талкууга алынып, жетишкендиктер жана кемчиликтер талкууга алынып жыйынтыкталат. 8.2.7.Практиканын программасын ар түрдүү себептер менен толук аткарбаган студент, сабактан сырткары убакта практикага кайрадан жөнөтүлүшү мүмкүн. Ал эми практиканын программасын себепсиз түрдө аткарбаган, же болбосо «канааттандыраарлык эмес» баа алган студенттер университеттин Уставына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык, академиялык карызы үчүн окуудан чыгарылат. 8.2.8.Кафедранын практика жетекчилери практика аяктагандан кийинки 1 айдын ичинде практиканын иш кагаздарын (эсеп–кысабын) факультеттин практика жетекчисине өткөрүп беришет. 8.2.9.Практиканын иш кагаздары (буйрук, ведомость, отчет,) 3 жылга чейин сакталат. Практиканын отчеттору Ош МУнун архивине өткөрүлөт же факультеттердин архивдик кабинеттеринде сакталат. Сакталуу мөөнөтүнөн кийин студенттердин отчеттору бүтүрүүчү кафедралар тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен практика боюнча департаменттин макулдугу менен жокко чыгарылат.


МП-1-19 группасынын практикасы Студенттер Ош облустук соту, Областтык финансы полициясы, Ош шаардык прокуратурасы, жеке натариустарга жана жергиликтүү сотто практикадан болушту. Алган билимдерин иш жүзундо колдонуп көрүү жана толуктоолорду киргизүү максатындагы окуу таанышуу практикасы мыкты деңгээлде өттү.


МБ-1-19 группасынынпрактикасы. Студенттер Айыл банк , Демир банк , Азия банкы, РСК банк, Бай - Түшүм банкы, "Тооашкан " курулуш компаниясы жана "Барбол" ЖЧКсында окуу-таанышуу практикасынан өтүштү. Практика учурунда мекемелердин документтери, иш процесстери менен таанышып, . Мекеме тарабынан студенттерге дайындалган практика жнетекчилери биздин студенттер жөнундө пикирлерин билдирип, келечекте өз ишингин мыкты адистери болоорун белгилешти.


МеТ -1-18 группасынын практикасы. "Сулайман - Тоо" тарыхий этнографиялык музейи жана "Rayan Hotel" мейманканасында окуу-таанышуу практикасынан отту.