Научное работа кафедры

Кафедранын илимий-усулдук багыты боюнча илимий иштерди жүргүзүү;

-Кафедранын, коллеждин, университеттин илимий-изилдөө иштерине катышуу;

-Эл аралык илимий жана илимий-практикалык конференцияларга, семинар жана симпозиумдарга катышуу;

-Илимий проектилерге, гранттарга жана конкурстарга катышуу;

- Студенттер арасында окутулган предметтер боюнча олимпиада өткөрүү.

- Кафедрада 1 профессор, 1доцент, 1 илимдин кандидаты, 3 улук окутуучу, 10 окутуучу, 1 лаборант эмгектенет. Төрт окутуучунун илимий темалары бекитилген: Бекмуратова Рахат, Бапыгулова Элиза, Төлөнова Гүлзат, Эргешбай кызы Миргүл. Быйыл ОшМУнун аспирантура бөлүмүн окутуучу Бапыгулова Элиза аяктады. Мындан сырткары эки окутуучу: Бекмуратова Рахат, Иметова Жаркынай ОшМУнун магистратура бөлүмүн ийгиликтүү аякташты. Учурда жети окутуучу: Амиракулова Б., Апышова З., Ахунжанова Ж., Жунусова К., Кокчаев К., Пазиева А., Төлөнова Г., магистратура бөлүмүндө билим алып жатышат.

- 2. Жыл ичинде кафедра мүчөлөрүнүн семинар, конференцияларга катышышуусу жана кафедрада өткөрүлгөн семинарлар. - 13-апрелде илим жумалыгына карата “Кыргыз орфографиясынын айрым маселелери” деген темада илимий талкуу, семинар өткөрүлдү. - 14 – апрель Ош МУнун ректорунун илимий иштери боюнча проректору б. и. доктору, профессор Т. Жумабаеа жана илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаева тарабынан уюштурулган “Илимий иш-аракеттерди баалоонун критерийлери” аттуу семинарга кафедра мүчөлөрү толук катышты. - 29-апрелде “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” аттуу семинарга доцент Б.Абдувалиева, окутуучулар Р.Бекмуратова, А.Пазиева, З.Апышовалар катышышты. - 7-майда т.и.к. доцент Т. Өмүрзакова “Курманжан датка. Алымбек датка” деген темада илимий доклад окуп берди. Ага кафедра мүчөлөрү толук катышышты. - 11- майда ОшМУнун эл аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Зарипбекова Жумагүл, Шеранова Нуржамалдын катышуусу менен “Проекттер, гранттар менен иштөөнүн жолдору” деген темада илимий семинар өткөрүлдү. Уюштуруучу – Р.Бекмуратова. - 12-14-майда ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы” аттуу 3 күндүк илимий семинарга окутуучулар - Амиракулова Б., Бапыгулова Э., Пазиева А., Төлөнова Г. катышып, сертификатка ээ болушту. - КРнын УИАнын академиги, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы, КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.Мурзуибраимовдун 75жылдыгына арналган “Ааламдашуунун азыркы шартындагы илим жана билим берүүнүн ролу” эл-аралык конференцияга окутуучу Э.Бапыгулова катышып, доклад окуду. - 26-27-октябрда Нарын мамлекеттик университетинде “Тарых жана маданият жылына” КРнын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Билим берүү, тарых жана маданият - өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда профессор Б.Үкүеванын, улук окутуучу Г.Төлөнованын, окутуучулар Р.Бекмуратованын, Э.Бапыгулованын макалалары жарык көрдү.