Техникалык адистиктер бөлүмү

Техникалык адистиктер бөлүмү - бул маалымат технологиясы боюнча билим берүүдө жалпы окуу-тарбиялоо, илимий жана усулдук ишмердүүлүккө багытталган профессордук-окутуучулук курамдан турган окуу-өндүрүштүк бөлүм. Техникалык адистиктер бөлүмү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окуу-структуралык түзүмү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” 2004-жылдын 3-февралындагы №53 токтомунун жобосуна ылайык ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы №Р-24 буйругунун негизинде Техникалык адистиктер бөлүмү түзүлгөн. Бөлүмдүн башчысы болуп окутуучу Мамаев Самарбек Сатыбалдыевич дайындалган.

МАКСАТЫ, МИССИЯСЫ ЖАНА МИЛДЕТИ

БӨЛҮМДҮН МАКСАТЫ:

Кесиптик билим берүүнүн стандарттарынын талабына ыл айык ОшМУнун миссиясын жетекчиликке алуу менен негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу. Кыргызстанда түштүк аймактык IT технология жана тигүү тармагындагы адистерге болгон муктаждыкты канааттандырып, IT технология жана тигүү тармагындагы орто кесиптик квалификациялуу, эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуу техник, техник программист жана дизайн моделер боюнча адистерди даярдоо.

БӨЛҮМДҮН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ:

 КРдин билим берүү мыйзамдарына жана стандарттарына ылайык, эмгек рыногунун жана иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен негизги кесиптик билим берүү программаларын ийгиликтүү иш жүзүнө ашыруу;

 Профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын, илимий потенциалын жана окуу-усулдук ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык жогорулатууну жакшыртуу;

 Эл аралык стандарттарга, компетенттүүлүк талаптарына ылайык билим берүүнүн жана адистерди даярдоонун мазмунун жакшыртуу;

 Бөлүмдүн илимий багытына ылайык жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргеликте илимий долбоорлорду түзүүгө жетишүү жана ишке ашыруу;

 Ички жана сырткы байланыштарды кеңейтүү (мобилдүүлүк);

 Студенттердин кесиптик билим-тажрыйбаларын, чыгармачыл потенциалын жана жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө көмөктөшүү.

 ПЦКнын, коллеждин, университеттин илимий-изилдөө, илимий-практикалык уюштуруу иштерине активдүү катышуу;

 Билим берүүдө стейкхолдерлердин сунуштарына ылайык инновациялык мүнөздөгү иш аракеттерди күчөтүү;

 Эл аралык илимий жана илимий-практикалык конференцияларга, семинар жана симпозиумдарга катышуу;

 Илимий-изилдөө иштерин өндүрүштүк-практикалык нукка багыттоо;

 Гранттык конкурстарга катышууну жандандыруу.