Лабораториянын аталышы: “Математиканын учурдагы проблемалары, колдонулуштары жана аны окутуунун маселелери”
Лабораториянын максаты:
а) математиканын актуалдуу проблемалары жана колдонулуштары боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
б) учурдун талабына жооп бере ала тургандай жогорку квалификациялуу, компетенттүү илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо:
Лабораториянын милдеттери:
1. Сингулярдык козголгон дифференциялдык теңдемелер теориясынын актуалдуу проблемалары жана колдонулуштары боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
2. Фракталдык геометриянын учурдагы проблемалары жана колдонулуштары боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
3. Магистранттардын илимий-изилдөө, өндүрүштүк, илимий-педагогикалык практикаларын эффективдүү өткөрүүгө жана диссертациялык иштеринин сапаттуу аткарылышы үчүн шарт түзүү;
4. Жаш окутуучулар жана магистранттар үчүн илимий жана математиканы окутуунун маселелери боюнча семинарларды , тренингдерди өткөрүү.