Конференции, семинары, симпозиумы

Илим жумасындаVI - секция " Газдардын жана суюктуктардын кыймылын моделдештирүү. МГКдагы электрондук жана иондук процесстер " - деген аталышта өттү. Секцияда PhD - докторанттар, аспиранттар жана магистранттар илимий баяндама жасашты. 36 илимий баяндама пландаштырылып 12 илимий баяндама жасалды. Ал эми магистранттар Манапова Мээримдин, Асанова Асиянын, Толонов Канатбектин жана Түгөлбаева Акчолпондун илимий баяндамалары кызыктуу жана илимий жаңылыгы бар деп эсептелинди.


Конференциянын жыйынтыгы

ФЕ(м)-1-22 группасынын магистрлери менен илимий -педагогикалык конференциянын жыйынтыгы боюнча конференциянын болуп өттү. Конференцияны ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев ачып, андан кийин ЭТФ кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов сүйлөдү. Практиканын жүрүшү, өзгөчө илимий багыттагы жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.


Физикалык кече

510400 «Физика» адистигинин 1-курсунун магистрантты Райкан Абдимиталипова «Физикалык кече» аттуу иш чараны Кара-Суу районундагы ОшМУнун гимназиясында өткөрдү. Бир нече физикалык эксперименттер көрсөтүлүп, окуучулар жооп беришип, жообуна белек алышты. Кечеге ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, кафедра кызматкерлери Турдали кызы Назик жана Жаңыбай кызы Дияна катышты. 13.04.2023.