"Өзбек мектептериндеги кыргыз тили окуу китептерин улуттук куррикулумдун негизинде жазуу" семинарына доценттер Б.Абдувалиева жана Б.Үкүева катышышты
09:03
01-04-2014
2143
26-мартта "Өзбек мектептериндеги кыргыз тили окуу китептерин улуттук куррикулумдун негизинде жазуу" семинарына ФЮКтун ЖББДнин тилдер кафедрасынын доценттери Б.Абдувалиева жана Б.Үкүева катышышты. Кыргыз, орус, англис тили предметтери боюнча олимпиада өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. 28-мартта Окутуучу Р. Бекмуратова кафедранын кыргыз, орус, англис тили дисциплиналары боюнча жазуу иштеринин абалын текшерип, отчет берди. Окутуучу Р.Бекмуратова аспирантурага кыргыз, англис, философия предметинен экзамен тапшырды. 29-мартта ФЮКтун 2-корпусунда "Гүл майрамы" өткөрүлүп, кураторлор тайпалары менен гүл отургузушту. Окутуучу Р.Бекмуратованын ЭБР-5-13 тайпасы презентация даярдашты.