2024-жылдын 2-апрелинде «Бизнес жана менеджмент» факультетинин «Бухгалтердик
эсеп жана экономикалык анализ» кафедрасы тарабынан Ош мамлекеттик
университетинин 85 жылдыгына жана 3-Апрель - Бухгалтерлердин жана
аудиторлордун кесиптик күнүнѳ карата «Статистика-социалдык өнүгүүнүн негизи»
аттуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун катышуучулары:
1. КРынын Улуттук статистика комитетинин алдындагы статистикалык изилдөө
жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эксперттери Бектурганова
Айжамал, Рыспекова чынара;
2.Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын бөлүм башчысы
Султаналиева Толгонай, башкы адистер Жээнбекова Батма, Абдыллаева Калима,
Субанова Гуласал;
3.Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан э.и.д., профессор Садыралиев Жандаралы, э.и.к.,
доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович;
4. К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинен э.и.к., доцент
Пулатова Гулнара;
5.М.Адышов атындагы Ош технологиялык университетинен э.и.к., доцент Хамзаева
Айнура;
6.Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен улук окутуучу
Калыбекова Гулнара;
7.Бизнес жана менеджмент факультетиндеги кафедра башчылар жана Бухгалтердик
эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын эмгек жамааты катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө бир топ маселелер талкууланып, практик-адитер
тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Мындан тышкары статистика предметин
окутууда эмнелерге көнүл буруу керек экендигин жана азыркы заман талабына
ылайык тематикаларды киргизүү керек экендигин сунушташты.