ОШМУНУН БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ 3-АПРЕЛЬ - БУХГАЛТЕРЛЕРДИН ЖАНА АУДИТОРЛОРДУН КЕСИПТИК КҮНҮНӨ КАРАТА "СТАТИСТИКА" ПРЕДМЕТИНЕН РЕГИОНАЛДЫК ОЛИМПИАДА БОЛУП ӨТТҮ
13:12
02.04.2024-ж. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесинин алкагында 3-Апрель - Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнѳ карата «Статистика» предметинен студенттер аралык регионалдык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Ош шаарынан 3 ЖОЖ, Жалал-Абад облусунан 2 ЖОЖ катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында дипломдор жана сертификаттар тапшырылды:
1-орун К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети - Эргешова Арууке 2-курстун студенти;
2-орун М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети – Авазбекова Самара 3-курстун студенти;
3-орун Б.Омонов атындагы Жала-Абад мамлекеттик университети – Шакиржанова Айзат
3-орун Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – Мамадали кызы Мыскал ээлешти.
Белгилей кетсек Ош мамлекеттик университетинин студенттери конкурстан сырткары өз-күчтөрүн сынап көрүштү.
Олимпиадага катышкан баардык студент досторго, студенттерди жетектеп келген профессордук-окутуучулук курамга жана Мамлекеттик статистика башкармалыгынын эксперттерине, адистерине ыраазычылык билдиребиз, иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Урматтоо менен ОшМУнун “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын эмгек жамааты.
102 13:12 03-04-2024