Новости

"Журналист болгуң келеби?"-аталышындагы конкурс жарыяланды

Урматтуу абитуриент! Бул конкурс сиз учун эн сонун мумкунчулук. Бугун дуйно журналистикадан сырткары жашай албайт. Мыкты жазылган дил баян же видеосюжеттин авторун билим ордосу ОшМУнун студенти катары коргубуз келет. Биз сиздерден мыкты дил баян жана видеоматериал кутобуз. Чамданыздар! Баарыныздарга ийгилик каалайм! Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана журналистика адистигинин жамааты мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «ЖУРНАЛИСТ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ?» аттуу конкурс жарыялайт. (мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мыкты дил баян, эссе, видеоматериалдардын конкурсу) Конкурстун уюштуруучулары: Ош мамлекеттик университетинин ректораты, Кыргыз-Түрк факультети, журналистика кафедрасы, «Нур» гезити жана «Үмүт» телестудиясы Конкурстун максаты: Жаш таланттуу калемгерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жалпы журтка таанытуу. Журналистика мейкиндигине аралашам деген жаш авторлорго жол ачуу. Келечекте журналистика кесибин тандоо алдында турган жаратман муунду массалык маалымат каражаттарынын бардык тармагында иштөөгө жөндөмдүү, сабаттуу, универсалдуу журналисттерди, РR адистерди тарбиялоону көздөгөн ОшМУнун журналистика адистигине чакыруу. Конкурска төмөнкүдөй темадагы материалдар кабыл алынат: • 2030-жылдагы Кыргызстан менин кыялымда; • Ош -Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору; • Социалдык тармактар бизге керекпи? Материалга коюлуучу талаптар: публицистикалык стилдеги материалдар электрондук түрдө forumjurnalist@gmail.com конкурстун электрондук почтасына орус жана кыргыз тилинде кабыл алынат Times New Roman шрифтинде 12, 1,5 интервал менен, максималдуу көлөмү 5 (беш) бет. Ошондой эле аталган темалар боюнча видеоматериалдар да (5 (беш) мүнөттөн ашпоосу керек) кабыл алынат. Жөнөтүлгөн материалдарда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек: 1) Дил баяндын тексти; 2) автордун аты-жөнү, мектептин аталышы, классы, шаары (район); 3) мугалим-жетекчинин аты-жөнү, автордун электрондук почтасы жана байланышуу телефондору (whats app). Конкурска материалдарды 2019-жылдын 4-мартынан 31-мартына чейин forumjurnalist@gmail.com эл. почтасы кабыл алат. Комиссия жеңүүчүлөрдү кабыл алууда төмөндөгүдөй критерийлерге таянат: • адабий баяндоо, автордук көз караш, идеянын оригиналдуулугу; • теманын мазмунга дал келиши; көркөмдүүлүгү ж.б. 1-орун –xiaomi redmi 6А моделиндеги моб. телефон 2-орун –senseit R500 моделиндеги моб. телефон 3-место – зымсыз кулакчын (безпроводной наушник) Кызыктыруучу белектер: китептер, рюкзак, кинотеатрга билеттер ж.б. Конкурстун жыйынтыгы 2019-жылдын 10-апрелинде Ош МУнун башкы корпусунда боло турган ″Болочок журналисттер Форумунда" жарыяланат жана сыйланат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн материалдары Ош МУнун «Нур» гезитинде жарык көрөт жана видеоматериалдар Үмүт ТВдан көрсөтүлөт. Жөнөтүлгөн материалдар рецензияланбайт жана кайтарылбайт. Мугалим-жетекчилерге дипломдор ыйгарылат. Байланышуу үчүн: Моб. тел. 0778825843, 0551026797 (whats app), Зарина Маматжанова (Zarina Mamatjanova), instagram: oshgu_jurnalistika, e-mail:mamatjanovaz@gmail.com ___________________________________ 0778735000, Эргешова Сейил Бактыбековна e-mail:srgeshova@mail.ru
1277 09:45 04-03-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|