Новости

Адистикке кезектеги конок лекция болду

ОшМУ менен Бердах атындагы Каракалпакстан мамлекеттик университети бирге кызматташуу меморандумун түзүп, кызматташуунун бет ачарын Малика Джумамуратова конок лекция менен баштап берди. Малика Тлеубергеновна Каракалпакстан мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты. Бүгүн 14-майда журналистика адистигине "Каракалпакстан журналистикасынын негизги өнүгүү тенденциялары" деген темада лекция окуду. Лекцияга журналистика адистигинин студенттери, мугалимдер жамааты гана эмес, келечекте журналист болом деген абитуриенттер да катышты. ("Журналист болгуң келеби?" сынагынын жана Болочок журналисттер форуму 2019 катышуучулары). Лекция учурдун талабына ылайык болгондуктан студенттер менен суроо-жооп да болду.
991 08:38 15-05-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|