Новости

Юридика факультетинде мини футбол боюнча чемпионат аяктады.

Юридика факультетинде 11-октябрда мини футбол боюнча курстар аралык чемпионат болуп өттү.Чемпионаттын максаты спортту даңазалоо, студенттерди ынтымакка чакыруу,спортту сүйүүгө багытталды. Жалпысынан 13 команда катышты. Чемпиоанат факультеттин деканаты тарабынан каржыланып, тарбия иштери боюнча декандын орун басары тарабынан уюштурулду. Футбол "Нурспорт" спорт комплексинде өтө кызыктуу өттү. Факультеттин студенттери өз командасына күйөрман болуп барышып чемпионатты шанга бөлөштү. 13 командадан сырткары факультеттин профессордук-окутуучулук жамаатынан агайлар командасы чемпионаттан сырткары катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Студенттер тарабынан мындан ары да спорттук иш чаралар байма-бай өткөрүлүп туруусу суралып кетти жана деканатка ыраазычылыгын билдиришти. Чемпионаттын жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй орундарга ээ болушту. 1-орун.ЮР(б)-2-15; 2-орун.ЮР(б)-1-13; 3-орун. ЮР(б)2-14; Белектер 17-ноябрь студенттер күнүндө тапшырылат.
3999 08:30 12-10-2016

                 

Новости

|< 1 2 3 >|