Юридика факультетинде 1-курстарды кабыл алуу аземи өткөрүлдү.
16:17
2016-жылдын 27-октябрында Юриспруденция жана социалдык иш адистиктеринин 1-курстарын студенттик катарга кабыл алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Майрамдык иш-чараны факультеттин жетекчилиги ачып берип, өз куттуктоолорун айтышты. Андан сырткары 1-курстун таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн тартуулап, "Юрчиктер" ШТК командасы аземди шанга бөлөштү. Бул иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер катышышты. Аземдин жүрүшүндө 1-курстар аралык волейбол боюнча мелдеште өз активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер жана тайпалар дипломдор менен сыйланышты.
2395 16:17 27-10-2016