Академиялык мобилдүүлүк менен жүргөн студенттер менен жолугушуу
11:29
МИТ факультетинен мобилдүүлүк боюнча Түркиянын Сивас Жумхурийет, Казакстандын ЕНУ Л.Н.Гумилева университеттеринде окуп жаткан студенттерибиз менен онлайн баарлашуу болуп өттү.
✅МИТ факультетинин деканы доцент У.А.Сопуев жана каф.башчылары студенттердин абалын сурап, ал жактагы шарттар тууралуу маалымат алышты.
✅"Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?"-деген суроого чет өлкөдөгү окуп жаткан студенттер менен факультеттеги анын ичинде "Информатика жана эсептөө техникасы", Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия", "Программалык инженерия" багытында окууган студенттер менен онлайн түрүндө суроо-жооп уюштурулду.
АС(б)-1-20 тайпасынын студенти Ажиматова Акбермет Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарындагы Л. Н. Гумилев атындагы Евразия мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп жатат.
325 11:29 15-12-2021