Новости

Билим берүү, илим жана өндүрүштүн интеграциясы

Билим берүү, илим жана өндүрүштүн интеграциясы

2022-жылдын 2-3-июнь күндөрү Ош областык администрациясынын конференция залында «Билим берүү, илим жана өндүрүштүн интеграциясы» аталышындагы эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү. Бул конференция Ош областык администрациясынын, Улуттук илимдер академиясынын Жаратылыш байлыктары институтунун, Ош технологиялык университетин демилгеси менен өткөрүлдү. Конференцияга Ош шаарынын бардык жогорку окуу жайларынын ректорлору, өндүрүш ишканаларынын жетекчилери жана Казахстандан, Өзбекстандан, Бишкек жана Кара-Кол шаарларынан илимпоздор келип катышышты.

Пленардык жыйында ОшМУнун «Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов «Билим, илим жана өндүрүштөгү санариптик технология» деген аталыштагы доклады, ал эми ушул эле кафедранын доценти Э.Садыков секциялык отурумда «Агын суулардан сейрек кездешүүчү элементтердин оксиддерин алуунун технологиясы аталыштагы илимий докладды жасашты.

178 13:12 08-06-2022

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|