Открытые уроки


Ачык сабак

2022-жылдын 24-март күнү эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов ФЕ(б)1-19 тайпасына “Электродинамика жана САТ” предметинен ачык сабак өттү. Ачык сабакка кафедра башчы, доцент М.Ч. Осконбаев, кафедранын окутуучулары жана көмөкчү кызматкерлер катышты.


Ачык сабак

08.04.2022-ж. күнү ЭТФ кафедрасынын кезектеги ачык сабагын « Физиканын жана механиканын өнүгүүсүндөгү Галилейдин ролу. Декарттын эмгектериндеги дүйнөнүн механикалык сүрөттөлүшү” деген теманын алкагында, кафедранын окутуучусу А. Орозбаева ФЕ(б) 1-18 тайпасына өттү.

Сабакта интерактивдүү методдордун колдонулушу сабактын максатына жетүүгө чоң өбөлгө түздү. Студенттер аябай кызыктуу катышып, креативдүү ой жүгүртүүлөрүн көргөзө алышты. Сабактын жүрүшүндө 80% студенттер анализ, синтез жүргүзүштү.

Ачык сабакка катышкан окутуучулар сабакка өз бааларын берип, сунуш пикирлерин айтышты.



12-апрель космонавтика күнү

Бүгүн Физика-техника факультетинин  ЭТФ  кафедрасы 2019-жылдын 12-апрель күнү “дүйнөлүк  космонавтика күнүнө” карата иш-чара жүргүшүштү.  Иш-чара  ЭТФ кафедрасынын 209-каанасында болду.   Иш-чараны кафедранын доценти, ф.-м.и.к.  М.Ч. Осконбаев алып барды. Атайын проектордун жардамында  “космос мейкиндигин өздөштүрүүдөгү орду:  Циолковский К. Э.” деген темада презентация-лекция жасап акырында кызуу талкуу болду. Үмүт ТВ  тартып кетти.


Ачык сабак

2023-жылдын 12-май күнү ЭТФ кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., профессору Ы. Ташполотов «Устат-шакирт» программасынын алкагында ОшМУнун сапат департаментти жана «Үмүт» телестудиясы тарабынан 550200 физика-математикалык багыттагы «Физика» профилиндеги 3-курстун студентерине өткөн ачык сабагын тартып кетишти. Ачык сабак «Электродинамика жана САТ» предметинен «Заряддалган бөлүкчөлөрдүн электростатикасы» деген темада өттү.


Ачык сабак

2023-жылдын 13-май күнү ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев «Устат-шакирт» программасынын алкагында ОшМУнун сапат департаменти жана «Үмүт» телестудиясы тарабынан 550200 физика-математика багыттынын «Физика» профилиндеги 3-курс студенттерине өткөн ачык сабагын тартып кетишти. Ачык сабак «Катуу телолордун физикасы жана кристаллографиясы» предметинен « Аргасыз нурдануу . Лазер ”- деген темада өттү