Новости

Энергетика кафедрасынын окутуучулары көз карандысыз аккредитацияга даярдануу максатында ААОПОнун 2 күндүк семинар-тренингине катышышты.

Энергетика кафедрасынын окутуучулары көз карандысыз аккредитацияга даярдануу максатында ААОПОнун 2 күндүк семинар-тренингине катышышты. Орто кесиптик адистиктерин көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдоо максатында 2017-жылдын 26-27-апрель күндөрү ОшМУнун башкы корпусунун кеңешмелер залында Физика-техника факультетинин профессордук-окутуучулук курамынан 11, Математика жана информациялык технологиялар факультетинен 12 мүчөсү жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кесиптик лицейлеринин өкүлдөрү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан уюштурулган 2 күндүк семинар-тренингге Энергетика кафедрасынан ФТФнын деканы, доцент Айдарбеков Зарипбек Шарипович, Энергетика кафедрасынын башчысы, доцент Султанов Саит Кожонович жана Энергетика кафедрасынын окутуучусу Жумакулов Жоодарбек Акылбековичтер активдүү катышышты. Тренингди агенттиктин директорунун орун басары Жумакадыр Мамытканов Суйналиевич жогорку деңгээлде өткөзүп, аккредитацияга даярданууда талап кылынган 7 стандарттын 53 критерийи боюнча түшүндүрмө берип, катышуучулардын бардык суроолоруна так жана толук жооп берди. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар бериле турган болду.
1834 20:06 27-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 >|