Новости

Илим жумалыктын жыйынтыгы

2017-жылдын 24-26-апрель күндөрү факультеттин алкагында уюштурулган “Илим жумалыгы-2017” студенттик илимий-практикалык конференциясынын «Электроэнергетика жана электротехника» III секциясы Энергетика кафедрасынын жалпы окутуучулары жана илимге кызыккан студенттер менен биргеликте, кызуу талкуулар менен жыйынтыкталды. «Электроэнергетика жана электротехника» III секциясында жалпысынан 15 илимий баяндама берилип, угулган илимий баяндамалардын арасынан мыкты деп табылып, факультет тарабынан дипломдорго жана белектерге ээ болушту. 1-орун - ЭСб-1-14 тайпасынын студенти Рысбаев Нурмухаммед 2-орун - ЭСб-1-14 тайпасынын студенти Тажибаев Бекмырза 3-орун - ЭСс-9-15 тайпасынын студенти Намасбек к Гулжамал “Илим жумалык-2017” иш чарасында “Акыл-Ордо” интелектуальдык оюнунда мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн ЭС(б)-1-16 тайпасынын студенттери 2-орунду ээлеген, мыкты “Макет” жасагандыгы үчүн ЭС(б)-1-14 тайпасынын студенттери, Алымырзаев Д., Болсунбек уулу У., Касымов Х. 1-орунду жана ЭСс-1-16, Алтымыш уулу К. 3-орунду ээлешкен, мыкты “Дубал газитин” жасагандыгы үчүн ЭС(б)-1-16 тайпасы 1-орунду жана ЭСс9-1-15 тайпасы 3-орунду ээлешип дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты. 2017-жылдын 15-апрелинде Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде болуп өткөн VI аймактык студенттик регионалдык олимпиадада активдүү катышып, Математика предмети боюнча (Профиль эмес) I- орунду ээлегендиги үчүн Энергетика кафедрасынын ЭС(б)-1-16 тайпасынын студенти Кудайберди уулу Бакыт ардак грамота жана сыйлыктар менен сыйланды.
1604 16:19 02-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 >|