Новости

12-ДЕКАБРЬ- УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ КАРАТА ӨТКӨРҮЛГӨН " ААЛАМ АЙТМАТОВДУ ОКУЙТ" АТТУУ АКЫЛ ТАЙМАШЫ

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата 9-класстын базасындагы 1-курстар арасында өткөрүлүүчү “Аалам Айтматовду окуйт” аттуу акыл-таймаш ОшМУнун индустриалдык - педагогикалык колледждинин филологиялык дисциплиналар циклы тарабынан уюштурулду. Акыл-таймашка 4 топ катышты 1-топ:КК-9-1жана 2-22 тайпаларынан куралган "Интеллегент" тобу, 2-топ КК9-3 жана 4-22 тайпаларынан куралган “Делбирим” тобу, 3-топ КК9-5 жана 6- 22 тайпаларынан куралган “Билим кемеси” тобу, 4-топ ДО9-1-22 тайпасынан куралган “Бетме-Бет”тобу. Акыл-таймашы 4 тапшырмадан туруп 1- тапшырма топтун аталышын коргоп беришти,2- тапшырма суроо-жооп иретинде, 3- тапшырма KAXУТ программасынын негизинде болсо,4- тапшырма Айтматовдун чыгармалардын негизинде сахналаштыруу болду. Иш- чарага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпиддиновна, Ош шаардык кеңешинин депутаты адабиятчы-окумуштуу Нуркыз Кадырбек кызы, колледждин окутуучулар жамааты, студенттер катышышты. Иш чарага катышкан топтор, студенттер сый баракчасы менен сыйланды.
108 16:03 22-02-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 >|