Новости

Андижанга сапар

ОшМУ менен З.М. Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин ортосунда жетишилген меморандумдун алкагында 2018-жылдын 27-февраль күнү ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин делегациясы “Чыгыш таануу” кафедрасынын демилгеси жана ректорубуз, профессор К.А. Исаковдун колдоосу менен Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарына иш сапар менен барышты. З.М. Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин тарых факультети менен Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. АнМУнун тарых факультетинин “Дүйнө тарыхы”, “Өзбекстандын тарыхы”, чет тилдери факультетинин “Чет тилдери” кафедралары менен ОшМУнун “Чыгыш таануу” жана “Эл аралык мамилелер” кафедраларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлуп, иш-чараларды биргелешип өткөрүү макулдашылды. “Иш сапар абдан ийгиликтүү болду. Эки университеттин профессордук-окутуучулук курамы эле эмес, студенттери жана магистранттары да жаштар уюмдарынын деңгээлинде (жаш дипломаттар, чыгыш таануучулар, аймак таанучулар клубдары) эки мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкка салым кошуучу иш-аракеттерди уюштуруу маселесин талкуулашты.

1891 10:24 30-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|