Новости

Стейкхолдерлер жана ата-энелер менен болгон жолугушуу

2018-жылдын 27-март күнү саат 10:00дө ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” кафедрасы тарабынан уюштурулуп “Чыгыш таануу, африканистика” (бакалавр) жана “Котормо иши” (колледж) багытынын негизги билим берүү программасын (НББП, НКБП), окутуунун натыйжаларын, студенттерге калыптандыруучу компотенцияларды талкуулоо максатында жана болочок “Чыгыш таануучу, африканист” жана “Котормочу” кандай талаптарга жооп берүүсү керек?! - деген маселелердин айланасында стейкхолдерлердин (жумуш берүүчүлөр, ата-энелер) катышуусу менен бир күндүк семинар болуп өттү.

Бул чыгыш таануу кафедрасы тарабынан демилгеленип, уюштурулуп өткөрүлгөн экинчи семинар болду.

Семинарга келген жумуш берүүчүлөр, ата-энелер, студенттер жана атайын эксперттер ОшМУнун, эл аралык мамилелер факультетинин жана чыгыш таануу кафедрасынын жетишкендиктери, эл аралык мамилелер факультети үчүн салынып жаткан жаңы окуу имараты менен жакындан таанышышып, университеттин, факультеттин жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришип, окуу жай менен тыгыз байланышта болуп турууларын билдирип кайтышты.

1363 15:25 30-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|