ОшМУнун 85 жылдыгына карата кыргыз улуттук баалуулуктарын арттыруу жана даңазалоо максатында уюштурулган
05:47
20.03.2024. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин, Англис филологиясы кафедрасынын окутуучулары тарабынан, ОшМУнун 85 жылдыгына карата 2-3-курста окуган таланттуу студенттердин катышуусунда кыргыз улуттук баалуулуктарын арттыруу жана даңазалоо максатында уюштурулган "Кыз-жигит сармерден" аттуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Сармерден айтышы кафедра башчысы, доцент Т.Б.Кабыловдун киришүү сөзү менен башталды. Таймашка калыстык кылуу үчүн факультеттин ар кафедраларынан улук окутуучулар тартылды. Алар: Пахирова Д.И., немис тили кафедрасы; Осмонбаева Ж.А., АТОМ кафедрасы; Беккулова Д.К., Карабекова Э.А., Токторова В.К. англис филологиясы кафедрасы. Айтыштын акырында калыстар тобу сармерденди жыйынтыктап, жылуу пикирлерин, каалоо-тилектерин билдиришти.
Жыйынтыгында кыздар жана жигиттер тайпасы бирдей бааланып, акчалай сыйлык жана мактоо баракчалары менен сыйланышты.
139 05:47 25-03-2024