15.03.2024
ОшМУнун БжМ факультетинде “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот” аталышында коомдук тазалык иш-чарасы болуп өттү.
Бул иш чаранын негизги максаты:
1. Факультеттин териториясын тазалоо;
2. Студенттерди тазалыкты сактоого үндөө;
3. Коомдук жайларга жана факультетке тиешелүү баардык эмеректерге аяр мамиле жасоону эскертүү менен тартипке чакыруу;
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын айланасын тазалап, ички аудиторияларды жууп иретке келтирүүгө баардык студенттер активдүү катышышты. Иш-чара өз максатына жетти.
Студенттерибиздин окууларына ийгиликтерди каалайбыз!