Новости

ОшМУнун БжМ факультетинде “Жетекчи менен чай үстүндө баарлашуу” аталышында ооз ачуу ИФТАРЛЫК болуп өттү.

18.03.2024.

ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине, 21-март “Нооруз” майрамына жана 30 күндүк орозонун урматына карата “Жетекчи менен чай үстүндө баарлашуу” аталышында ооз ачуу ИФТАРЛЫК болуп өттү.

Бул иш-чаранын негизги максаты:

1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;

2. Жетекчи менен жакындан пикир алышуу;

3. Окутуучулардын бири-бирине болгон байланышын чындоо;

4. Окуу жайыбыздын ийгиликтери жана алдыда коюлган пландары боюнча диалог жүргүзүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков БжМ факультетинин жараткан ийгиликтерине, профессордук окутуучулук курамдын жигердүү иштердин үстүндө алгылыктуу жумуштарды аткарып жаткандыгына токтолуп өттү. Ошол эле учурда мындан кийинки аткарыла турган иш-пландардын негизги өзөгүнө олутту көңүл буруу аркылуу кийинки өнүгүү тепкичке жетүүнүн жолдорун кеңири түшүндүрүп берди.

Алга ОшМУ! 85 жылдык юбилей кут болсун!

Биз менен дүйнөнүн эшигин ач!

Баарыңыздардын орозоңуздар кабыл болсун урматтуу кесиптештер!

НООРУЗ майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

134 06:30 20-03-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|