18.03.2024
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине жана 21-Март “Нооруз”күнүнө карата “БиМ ТАЛАНТТАРЫ 2024” аталышында “Бизнес жана менеджмент” факультетинин агай-эжекелеринин ортосунда КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН болуп өттү.
Бул иш чаранын негизги максаты:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Маданий иш-чараларга болгон кызыгууну өнүктүрүү;
3. Окутуучулардын бири-бирине болгон байланышын чындоо;
4. Таланттуу окутуучуларды табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү;
5. Нооруз майрамын жогорку деңгээлде тосуп алуу.
Аталган иш-чарага ОшМУнун ректору, ф-м.и.д., профессор К.Г.Кожобеков баштаган жумушчу топ дагы күбөө болушту.
КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕНдин жүрүшүндө макал-лакаптар, жаңылмачтар жагымдуу ырлар жана башка катылып жаткан таланттар агай-эжекелер тарабынан аткарылып жалпы көрөрмандарга тартууланып абдан кызыктуу өттү.
Жыйынтыктап айта турган болсок иш-чара өз максатына жетти.
Баардык агай-эжекелердин иштерине ийгилик каалоо менен биргеликте, урматтуу агай-эжекелер талантыңыздар арта берсин демекчибиз.
Кирип келе жаткан 21-март НООРУЗ майрамыңыздар кут болсун!!!