"Стилдүү студент" кароо сынагы!
08:52
27- апрель Кыргыз-Европа факультетинде "Стилдүү студент" кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка жалпы 5 команда 10 студент катышты. Ар бир командада 2 студент, тагыраагы 1 кыз 1 жигит. Сынакты өткөрүүнүн максаты эстетикалык тарбия берүү менен алардын кооздукка болгон табитин арттыруу, тайпалар арасындагы достукту чыңдоо менен биргеликте студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу.
Сынакка 1-2-курстун студенттери катышты. Алар:
ПиП(б)-1-19 "ЖАСТИМ"
МБ(б)-1-20 & МЕТ-1-20 "КЕФмикс"
Ев(б)-2-20 "Лучше всех"
Ев(б)-1-20 & МП(б)-1-20 "Мисс и мистер Смит"
МБ(б)-2-20 "Vogue couple".
Сынактын жеңүүчүлөрү:
1-орун "Мисс и Мистер Смит"
2- орун "Vogue couple".
3-орун "Лучше всех"
Катышуучулар төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушту:
1-орун КЕФнин I даражадагы диплому, ОшМУ студенттик акыйкатчы аппаратынан сертификаттар жана акчалай сыйлык, PERSPECTIVE окуу борборунун англис тил курсуна акысыз окууга мүмкүндүк берген 2 сертификат;
2-орун КЕФнин II даражадагы диплому, ОшМУ Жаштар кеңешинин баалуу белектери, К-ЛЭНД окуу борборуна англис тил курсуна 30%дык арзандатуучу 2 сертификат;
3-орун КЕФнин III даражадагы диплому, КЕФнин деканатынын баалуу белектери, It park окуу борборуна окууга 20% арзандатуу менен 2 сертификат;
4-орун КЕФнин диплому, Ак-Буура кинотеатрына 2 адамдык билет;
5-орун КЕФнин диплому, Ак-Буура кинотеатрына 2 адамдык билет.
Сыйлыгынар кут болсун!!!👏🏻👏🏻👏🏻
231 08:52 10-05-2021