News

"Стилдүү студент" кароо сынагы!

27- апрель Кыргыз-Европа факультетинде "Стилдүү студент" кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка жалпы 5 команда 10 студент катышты. Ар бир командада 2 студент, тагыраагы 1 кыз 1 жигит. Сынакты өткөрүүнүн максаты эстетикалык тарбия берүү менен алардын кооздукка болгон табитин арттыруу, тайпалар арасындагы достукту чыңдоо менен биргеликте студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу. Сынакка 1-2-курстун студенттери катышты. Алар: ПиП(б)-1-19 "ЖАСТИМ" МБ(б)-1-20 & МЕТ-1-20 "КЕФмикс" Ев(б)-2-20 "Лучше всех" Ев(б)-1-20 & МП(б)-1-20 "Мисс и мистер Смит" МБ(б)-2-20 "Vogue couple". Сынактын жеңүүчүлөрү: 1-орун "Мисс и Мистер Смит" 2- орун "Vogue couple". 3-орун "Лучше всех" Катышуучулар төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушту: 1-орун КЕФнин I даражадагы диплому, ОшМУ студенттик акыйкатчы аппаратынан сертификаттар жана акчалай сыйлык, PERSPECTIVE окуу борборунун англис тил курсуна акысыз окууга мүмкүндүк берген 2 сертификат; 2-орун КЕФнин II даражадагы диплому, ОшМУ Жаштар кеңешинин баалуу белектери, К-ЛЭНД окуу борборуна англис тил курсуна 30%дык арзандатуучу 2 сертификат; 3-орун КЕФнин III даражадагы диплому, КЕФнин деканатынын баалуу белектери, It park окуу борборуна окууга 20% арзандатуу менен 2 сертификат; 4-орун КЕФнин диплому, Ак-Буура кинотеатрына 2 адамдык билет; 5-орун КЕФнин диплому, Ак-Буура кинотеатрына 2 адамдык билет. Сыйлыгынар кут болсун!!!👏🏻👏🏻👏🏻
230 08:52 10-05-2021

                 

News

|< 1 >|