Новости

АГИнин студенттери «Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин ролу» аттуу студенттик илимий семинарга катышты

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрь күнү 2017-жыл Ош Мамлекеттик Университетинин «Адамдык мамилелерди өнүктүрүү» жылына карата ОшМУнун теология факультетинде өткөрүлгөн «Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин ролу» аттуу студенттик илимий семинарга Арашан Гуманитардык Институнун Дин таануу факультетинин окутуучусу Тагаев Майрамбектин жетекчилигинде 4-курстун студенттеринен Акпарали уулу Алибек, Алибек уулу Соонунбек, Абжапаров Бобурмирзо, Юлбарсов Мирлан катышып келди. Аталган илимий семинарда студенттерибизден Акпарали уулу Алибек “Улуттар аралык мамилени чыңдоодо диндин орду” ал эми Алибек уулу Соонунбек «Аз. Пайгамбарыбыздын адамдарга кылган мамилеси» аталышындагы докладдарын сунушуп, катышуучулардын кызыктуу суроолоруна жооп беришип, сертификатка ээ болушту. Аталган илимий иш чара «Кыргызстанда диний абал жана теологдордун орду» деген теманын алкагында уюштурулган тегерек стол менен уланып анда студенттер өз ара пикир алышып, суроо-жооптор негизинде ар кандай ой пикир жана сунуштар айтылды. Илимий иш чаранын экинчи күнүндө ОшМУнун ректораты жана Ош шаарындагы белгилүү тарыхый жайларга саякат уюштурулду. Саякат учурунда студенттер ОшМУнун биринчи проректору Авазбек уулу Расул агайдын кабылдоосунда болушуп, Ош МУнун музейи менен таанышып, университеттин тарыхы, илимий иш арекеттери туурасында кеңири маалымат алуу менен суроолоруна да жоопторду алышты.
2557 18:41 08-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|