Новости

АГИнин студенттери “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференцияга катышты

2017-жылдын 29-ноябрында ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференцияга Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттери Джапаркулов Иззатбек, Тууганбаев Нурбек, Исабаев Шухратжан, Каламбек уулу Элдияр, Зиевиддинов Хушбек жана Аттокур уулу Сапарали катышып келди. Пленардык жыйында Тууганбаев Нурбек «Светтик мамлекетте исламдын орду» деген темада өз баяндамасын жасады. Илимий конференциянын соңунда Джапаркулов Иззатбек жана Тууганбаев Нурбек I даражадагы Диплом менен, ошондой эле «Коомдук илимдер жана дин таануу» багыты боюнча Исабаев Шухратжан жана Каламбек уулу Элдияр III даражадагы Диплом менен сыйланды. Студенттерибизге чың денсоолук, мындан аркы иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
2292 18:44 08-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|