Новости

ОшМУнун «Эң мыкты студент» сынагынын жобосу

ОшМУнун «Эң мыкты студент» сынагынын жобосу

1. Жалпы жобо

. «Эң мыкты студент» сынагы ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн уюштурулат;

. Сынактын негизги максаты - окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ошондой эле жаш таланттарга стимулдук шык, моралдык жана материалдык дем берүү болуп эсептелет.

2. Сынактын милдеттери

2.1. Студенттердин окууга, илимге, коомдук уюштуруу ж.б. өз алдынча чыгармачылык иштерге болгон кызыгуусун арттыруу;

2.2. Илимий иш - чараларга катышууга тартуу;

2.3. Ар тараптуу өсүүгө стимулдаштыруу жана мотивациялоо;

3. Сынакты өткөрүүнүн тартиби

3.1. «Эң мыкты студент» сынагы эки этап менен өткөрүлөт:

1-этап: Факультеттерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер арасында 15-20-майга чейин жүргүзүлөт. Факультеттеги жеңүүчү студент декандын сунушу менен университеттин биринчилигине жолдомо алат.

2-этап: Экинчи этаптын жыйынтыгын атайын түзүлгөн университеттик комиссия 1-10-июнга чейин чыгарат.

Ар бир этапта конкурсант студенттер эки критерий боюнча бааланат: Студенттин окуу-илим чөйрөсүндөгү жетишкендиктери жана тарбиялык-коомдук ишмердүүлүгү боюнча бааланат. Конкурстун жыйынтыктары упайлык баалоо менен аныкталат.

3.2. Сынакка катышуу үчүн студенттер төмөндөгүдөй документтерди тапшыруулары зарыл:

1-этап:

- Студенттин конкурска катышууну каалагандыгын билдирген арыз;

- Студенттин окууcундагы жетишүүсүнүн орточо балын тастыктаган билдирме;

- Куратордун сунуштамасы;

2-этап:

- Студенттин конкурска катышууну каалагандыгын билдирген арыз;

- Студенттин окууcундагы жетишүүсүнүн орточо балын тастыктаган билдирме;

- Декандын сунуштамасы;

3.3. «Эң мыкты студент» сынагынын катышуучулары төмөндөгү көрсөткүчтөр боюнча бааланып, аныкталат:

Көрсөткүчтөр

Упайынын саны

Студенттин сессиялардагы жетишүүсү

Сессияларды жалаң «Эң жакшы» бааларына тапшырган студентке

5

Сессиялары «жакшы» бааларына аралашкан студентке

Упай коюлбайт

Сессияларды «орто» бааларына тапшырган студенттер конкурска катыша албайт

-----

Студенттин олимпиадаларга катышуусу

Көрсөткүчтөр

Упайы

Факультет

Университет

Шаардык

Республикалык

Эл аралык

1-орун

3

6

9

12

15

2-орун

2

5

8

11

14

3-орун

1

4

7

10

13

Студенттин илимий макалалары

Көрсөткүчтөр

Упайы

Факультет

Университет

Шаардык

Республикалык

Эл аралык

1-орун

3

6

9

12

15

2-орун

2

5

8

11

14

3-орун

1

4

7

10

13

Эскертүү: Кошумча баалоо жарык көргөн журналдардын индексациясына карап бааланат

Студент өзгөчө стипендия алган болсо

Көрсөткүчтөр

Упайы

Университет

Шаардык

Республикалык

Эл аралык

1-орун

3

6

9

12

2-орун

2

5

8

11

3-орун

1

4

7

10

коомдук маданий-массалык иш-чараларынын жеңүүчүсү болсо

Көрсөткүчтөр

Упайы

Факультет

Университет

Шаардык

Республикалык

Эл аралык

1-орун

3

6

9

12

15

2-орун

2

5

8

11

14

3-орун

1

4

7

10

13

Студенттик өзүн-өзү башкаруу структураларындагы аракети үчүн

Көрсөткүчтөр

Упайы

ОшМУнун жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы болсо

15

ОшМУнун жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында сектор башчы болсо

10

ОшМУнун жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында ыктыярчы болсо

5

Студенттик өзүн-өзү башкаруу структураларындагы аракети үчүн

Көрсөткүчтөр

Упайы

ОшМУнун факультет, колледждериндеги жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы болсо

9

ОшМУнун факультет, колледждериндеги жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында сектор башчы болсо

6

ОшМУнун факультет, колледждериндеги жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында ыктыярчы болсо

3

ОшМУнун факультет, колледждеринде староста болсо

2

Социалдык иш-чараларга катышкандыгы үчүн

Упайы

Факультет

Университет

Шаардык

Республикалык

Эл аралык

2

4

6

8

10

4. Финансылык каржылоо

4.1. Сынакты финансылык каржылоо ОшМУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.

4.2. Бул сынактын жалпы сыйлык фондунун өлчөмүн экономикалык-пландоо бөлүмү жана камкорчулар кеңеши тарабынан аныкталат.

5. Уюштуруу тобу

5.1. «Эң мыкты студент» сынагы боюнча ОшМУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу ОшМУнун жаштар кеңеши тарабынан жүрүгүзүлөт.

5.2. Уюштуруу тобунун курамына:

1-этапта: ОшМУнун тарбия департаментинен, факультеттин деканатынан, профсоюз уюмунан, кафедра башчыларынан, кураторлордон, окутуучулардан, аялдар кеңешинен, факультеттин жаштар комитетинен өкүлдөр кирет.

2-этапта: университеттин администрация жетекчилеринен, профессордук-окутуучулар курамынан, профсоюз уюмунан, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен, студенттерден өкүлдөр кирет.

6. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу

6.1. Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат.

6.2. Сынактын жеңүүчүлөрү эң көп упай топтогонуна карата аныкталат.

6.3. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

Факультеттин эң мыкты студенттерин сыйлоо:

1-орун – Факультеттин ардак грамотасы, ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясы, университеттик конкурска жолдомо;

2-орун - Факультеттин ардак грамотасы;

3-орун - Факультеттин ардак грамотасы,

(Деканаттар мындан башка белектерди уюштурса да болот).

ОшМУнун эң мыкты студенттерин сыйлоо:

1-орун – ОшМУнун ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык, Кыргыз Республикасынын президенттик «Үмүт» стипендиясына, Ош шаарынын мэриясынын стипендиясына көрсөтүлөт;

2-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык, Кыргыз Республикасынын президенттик «Үмүт» стипендиясына, Ош шаарынын мэриясынын стипендиясына көрсөтүлөт;

3-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык, Ош шаарынын мэриясынын стипендиясына көрсөтүлөт.

174 23:23 16-09-2021

                 

Новости

|< 1 >|