Новости

«ОшМУнун стилдүү студенти» сынагынын жобосу

«ОшМУнун стилдүү студенти» сынагынын жобосу I . Сынактын максаты Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу; Ä Cтудент жаштарга эстетикалык тарбия берүү жана алардын кооздукка болгон табитин арттыруу; Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу; Ä Студенттерди жарашыктуу кийинүүгө, кооз жүрүм-турумдарга көңүлүн буруу; II . Сынактын катышуучулары Катышуучуларга коюлуулу талаптар: Ä Сынакка эстетикалык табити жогору, тулку-бою келишимдүү, жарашыктуу кийине билген, ички дүйнөсү бай, интеллектуал студент улан-кыздар (бир жигит, бир кыз) факультеттин жетекчилигинин сунушу менен катыша алат; Ä Сынактын катышуучулары сөзсүз түрдө ОшМУнун студенти болуп, ошондой эле кастингде өзүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүсү керек. III . Сынакты өткөрүүнүн тартиби Ä Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт; Ä Сынак 3 турдан турат; Ä Сынак кыргыз жана орус тилинде өткөрүлөт; Ä Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат; Ä Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет. IV . ОшМУнун факультеттеринин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана ЖК төрагаларынын милдеттери Ä Сынак боюнча студенттерге маалымат берүү; Ä Сынакка катышуучу студенттерди (бир жигит, бир кыз) табуу жана аларга сынактын шарты, өтүү тартиби менен тааныштыруу; Ä Сынактын катышуучуларын уюштуруу тобу менен байланыштыруу жана …күнү саат… кастингге алып келүү V. Сынактын программасы I тур. Күзгү кийимдер. 1-чыгуу. Эркин стиль – көчөдө, эс алуу жайларында кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт; 2-чыгуу. Классикалык стиль – официалдуу жайларда кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт; 3-чыгуу. Кечки стиль – тойлорго, мааракелерге, жолугушууларга кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт; ЧАЧ ЖАСАЛГАСЫ. Жогорудагы 3 жолку чыгуудагы ар бир катышуучунун чач жасалгасына өзүнчө баа берилет. II тур. Жан дүйнө сулуулугу. Катышуучулар I тур, 3-чыгуудагы кечки стилдеги кийимдери менен чыгышып кооздукка, кийинүүгө, жүрүм-турумга, тырнак коюу, чач жасалгасы, боенуу, атыр жыттарды пайдаланууга байланыштуу суроолорго жооп беришет; III тур. Кышкы кийимдер. 1-чыгуу. Эркин стиль – көчөдө, эс алуу жайларында кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт; 2-чыгуу. Классикалык стиль – официалдуу жайларда кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт; VI . Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары Ä иш чараларды сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу; Ä калыстар тобунун курамын бекитүү; Ä сынактын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо; Ä сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү; Ä зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү. VII . Калыстар тобу Ä калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат; Ä калыстар тобунун мүчөлүгүнө ыйгарылуучу номинациялар боюнча профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат; Ä калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөрүлбөйт. VIII . Ыйгарылуучу номинациялар Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылат: Ä «ОшМУнун стилдүү мырзасы» Ä «ОшМУнун стилдүү селкиси» Ä «ОшМУнун күз мырзасы» Ä «ОшМУнун күз канышасы» Ä «ОшМУнун кыш мырзасы» Ä «ОшМУнун кар канышасы» IX. Сынактын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы ОшМУнун факультеттер аралык «ОшМУнун стилдүү студенти» сынагы -жылдын …күнү саат… Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда өткөрүлөт. Эскертүү: Ä Сынакка катышуучулар кийимдерди өздөрү тигүүсү шарт эмес, шаардагы каалаган фирма, дүкөндөрдүн кийимдерин кийип чыга алышат жана аларды жарнамалоого уруксат берилет; Ä Сынакка катышууну каалагандар ..күнү саат… уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш. Уюштуруу тобу: Жаштар кеңеши.
187 23:42 16-09-2021

                 

Новости

|< 1 >|