Факультеттин маалымат борборунда "Дистанттык технологияларды колдонуу менен окуу процессин уюштуруу" тренинги болуп өттү.
Тренингди ТТГФнин деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. ачып, учурда заманбап технологияларды колдонуу менен окуутуу, окуу процессин уюштуруу өтө актуалдуу экенин баса белгилеп, мугалимдерди тренингге активдүү катышууга чакырды.
Сабакты "Бизнес жана менеджмент" факультетинин окутуучусу, э.и.к., доцент Асанов Б. интерактивдүү ыкма менен окутуп, колдонуунун мисалдарын келитирип, суроолорго толук жоопторду берди.