Новости

Факультетте "Ата-энелер күнү" өткөрүлдү

Бүгүн, 16-ноябрда факультетте "Ата-энелер күнү" өткөрүлдү. Орто кесиптик адистиктерине тапшырган студенттердин ата-энелери факультетке келип, сабактарга катышып, окутуучулар жана тайпалардын кураторлору менен жолугушту. Алар билим берүү процессине байкоо жүргүзүү менен бирге, маселелерди талкулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Факультеттин Чоң залында жалпы ата-энелер менен жыйын өткөрүлдү. Факультеттин деканы, х.и.к., доцент Мамытов Т.А. ата-энелерге кайрылып, факультетте окуп жаткан студенттеринин саны, жетишкендиктери, иштеп жаткан мыкты окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, ички жана тышкы мобилдүүлүк жөнүндө кеңири маалымат берди. Ошону менен бирге ата-энелерге келип катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алар тарабынан студенттерге көбүрөөк көзөмөл жүргүзүүнү суранды. "Колдонмо геодезия", "Ветеринария" жана "Туризм" адистиктери боюнча программа жетекчилери адистиктерди презентациялашып, кесиптер жөнүндө кошумча маалымат беришти. Жыйын студенттер тарабынан уюшулган концерт менен аяктады.
1400 16:41 16-11-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 >|