Рубрика "Слово ректора"

Наш впереди идущий друг

Жаңы 2019-жылы биздин курсташтардын ыйык билим уясы болгон Ош мамлекеттик университетин аяктаганыбызга 26 жыл болот. Туура 26 жыл мурда биз келечекке чоң үмүт, зор ишеним менен жан дүйнөбүзгө руханий-интеллектуалдык байлык жыйнап ОшМУнун туурунан учканбыз.

Студенттик доорубуз социалистик империя кулап, эгемендүү мамлекетибиз эми киндигин кесип там-туң баса баштаган мезгилге туура келди.

Ыдыраган чарбалар, тамак-аштын жетишсиздиги, нанга кезекке туруп, күндөлүк турмуш тирикчиликке керектүү зарыл нерселерди карточка менен алып калган учур болчу. Чыныгы студенттик күндөрдүн ачуу-таттуусун биз көрдүк окшойт. Акчаң болсо да нан таппаган мезгил эле. Бирок жалындаган жаштык, келечекке болгон күчтүү оптимизм, мекенчилдик сезим, адамдык аруулук бизди чөктүрбөй, алдыга жетелеп турчу. Тагдыр бизди, мындайча айтканда, океанга ыргытып, ким кандай жол тапса өзүнүн эрки деп, ар бирибизге табышмактуу күндөрдү сунуш кылды.

Бардык курсташтар педагогикалык кесипке ээ болгонбуз, бирок турмуштун зарылдыгынан курсташтарыбыздын кайсы бири мигрант болуп кетсе, айрымдары коммерцияга кетти, коомдук жана мамлекеттик иштерге аралашкандар да болду. Мындайча айтканда, ар бири өз алдынча руханий көрөнгөсүнүн дараметине жараша тагдыр күттү. Элдин жүгүн көтөрүп, жетекчилик кызматты аркалагандар да, мектепте катардагы мугалим болуп таза педагогикалык жолду тандагандар да болду. Кээде олтуруп курсташтардын жашоодогу жетишкен ийгиликтерин көрүп кубанамын. Айрымдарынын жакшылыктарына барып катышам. Жашоодо башына жамандык келсе, барып көңүл айтам.

Бирок ушул чейрек кылымда курсташтарыбыз ким эмнеге жетти? Каерде? Кантип эмгектенип жатат, ушул боюнча акыл эсимде сарасеп салып, бир тобу менен сыймыктанамын.

Ошол мен сыймыктанган курсташтарымдын эң алдынкыларынын бири катары педагогика багытында доктор, эл аралык деңгээлдеги абройлуу университет болгон Назарбаев университетинин эң мыкты профессорлорунун бири Шаматов Дүйшөн досумду айтсам болот.

Дүйшөн Назарбаев университетинде иштеп жаткан Кембридж, Оксфорд, Гарвард сыяктуу университеттерден келген профессорлор менен кошо профессионалдык жана интеллектуалдык жагынан алар менен тең тайлашып, адамдык сапаты жагынан керек болсо аларга үлгү болуп, жөнөкөйлүгү жана карапайымдыгы жагынан ар бир студентке өтө жакын болуп иштеп жаткандыгы мени сыймыктандырат.

1993-жылдары ОшМУнун чет тилдер факультетинде кара тору, башка студенттерден анча деле айырмалана бербеген, бирок университеттин футболдук командасында мыкты ойногон, курсташтары менен урмат-сыйда мамиле кылган, мээнеткечтиги менен айырмаланган бир жигит бар эле. Университеттин спорт комплекси биз окуган филология факультетинде жайгашкандыктан Дүйшөндү спорттук аянтчадан көп көрөөр элем. Таанышып, пикир алышып, аңгемелешип турчубуз. Ал ар бир адам менен ак дилинен сүйлөшүп, карапайымдыгы менен адамды өзүнө тартып тураар эле. Кийин биз университетти чогуу бүтүп, кайра эле университетте жаш окутуучу болуп бирге иштеп калдык. Окутуучулук кезде деле мамилебиз жакшы болду. Ал биздин филфактын студенттерине англис тилинен сабак берди. Кийинчерээк Карачидеги Ага-Хан университетине магистрликке билимин жогорулатканы кетти. Андан кийин кайра келип Канаданын Торонто университетине докторантурага жол алды. 4-5 жылдан кийин докторлугун жактап, Бишкектеги Борбордук Азия университетинде иштеп, 4-5 жылдан бери Назарбаев университетине конкурстук негизде профессор болуп кабыл алынып, учурда айтылуу университеттин абройлуу профессорлорунун бири катарында үзүрлүү иштеп жатат.

Назарбаев университетинде иштеп жаткан жылдардан бери Дүйшөн досум Ош мамлекеттик университети менен Назарбаев университетинин өз ара кызматташтыгынын түзүлүшүнө, достук мамиленин орношуна көпүрө болду. Биздин окутуучуларды Астанага, Назарбаев университетине чакырып, университеттин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, керектүү семинарларга чакырып, кээде Назарбаев университетинин профессорлорун ОшМУга алып келип, лекцияларды окутуп, ОшМУнун билим берүү сапатын жакшыртууга өлчөмсүз салымын кошуп келе жатат. Мени да бир топ мугалимдер менен кошо эки жолу Евразия Билим берүү Лидерлеринин форумуна чакырды. Атайын бир форумдун панелдик дискуссиясына баяндама менен катыштырып, кийинчерээк ошол макалаларыбыз англис тилинде журналга жарыяланды.

Дүйшөн өзү да ар жылы Ошко, үйүнө каникулга келген сайын ОшМУнун окутуучуларына, Ош облусундагы, Ош шаарындагы мугалимдерге кызыктуу семинарларды өтүп, жаңы табылгалары, жаңы идеялары менен бөлүшүп, тренинг, төгөрөк столдорду өткөрүп жүрөт. Анын бул демилгесин колдогон, уюштурууга жардам берген бир топ демилгелүү мугалимдер бар. Дүйшөндүн бул демилгесине аябай ыраазы болом. Анткени мен билгенди башкалар билсе, башкалар да үйрөнүп мектептин билим берүү сапатын көтөрсөк, кыргыз балдар-кыздарына татыктуу билим берсек деген мүдөөсүнө, педагогдук жана мекенчилдик сапатына кубанып жүрөм. Дүйшөндүн билимдүүлүгүнө, ар бир студент менен кылдат сүйлөшө билгендигине, англис тилинде түш жоруган билермандыгына таң калам. Ага карата болгон сый-урматты Назарбаев университетине барганда өз көзүбүз менен көрүп, сыймыктандык.

Астана шаарындагы Дүйшөндүн 32-кабаттагы квартирасында болуп, чайын ичип, мотурайган уул-кыздарын көрүп, пикир алышып, квартирасынын балконунан айтылуу Байтерекке көз чаптырып, Астана шаарынын кооз архитектурасына таң калганбыз. Азырга чейин кээ-кээде телефондо жаңы ойлору, идеялары болсо Дүйшөн биз менен бөлүшүп турат.

Биз ага сыймыктуу бүтүрүүчүбүз катары “ОшМУнун билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамын ыйгарганбыз.

Мурда мен Дүйшөн менен курсташ, дос катарында сыймыктансам, азыр ОшМУнун ректору катары аны сыймыктуу бүтүрүүчүбүз деп мактангым келет.

Дүйшөн карапайым айылдык көп балалуу үй-бүлөдө төрөлүп, айылдык мектепте билим алып, ОшМУну аяктап, дүйнөлүк билим берүүнүн эң мыкты үлгүлөрүн үйрөнүп, тажрыйбасын арттырып, бешене тер, адал эмгеги менен таанылган кыргыздын көрүнүктүү уулу деп айтар элем.

Дүйшөндүн ушуга чейинки эмгек жана өмүр жолу билим алуу, илим жазуу, таалим-тарбия берүү менен өтүп келе жатат. Жаштарга арналган эмгектен өткөн ыйык эмне бар. Сен ошол өрнөгүң менен изденген, таза жашооң менен бизди суктандырасың, досум.

Жакында “Быйылкы жыл экөөбүз үчүн өзгөчө жыл окшойт 50гө толот экенбиз. Бирок мааракени кафе-ресторанда эмес, өзүмдүн Отуз-Адырдагы мектебимде өткөрүп, семинар уюштурсам, мугалимдерге керектүү иш чара менен белгилесемби?”,- деп айттың. Анан сөз арасында “Мен сенден чоңурак окшоймун”,- деп кыстара кеттиң. -А мен да жөн калбай тамашалап сенин жакшылыгыңда жылуу сөзүбүздү аябайбыз досум, анын үстүнө агам турбайсынбы? –десем, телефондун ары жагында сенин каткырыгың, телефондун бери жагында менин каткырыгым жаңырды. Достуктун да, жакындыктын да касиети ушунда белем.

Көп жаша досум, көп жашасаң элге-журтубузга пайдаң көп тиет. Тажрыйбаң артып, акыл-эсиң толуп, көк мейкинге чабыттай турган куш сыяктуу күүгө келип турасың. Алдыда чоң ашуулар, белестер, ийгиликтер жана жакшылыктар күтүп турат сени.

Сөз башында курсташтар жөнүндө кеп салбадымбы. Бирөөлөр ийгиликти байлык менен, даража менен, мансап менен өлчөйт. А мен университеттин ректору катары адамдын жетишкендиги, байлыгы билимде деп эсептеймин. Ошондуктан сен баарыбыздан алдыда баратасың досум. Бар бол.

Каныбек Исаков

ОшМУнун ректору, ф.и.д., профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
5441 12:18 28-12-2018

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|